IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

11 - Мая  2018 | 10 : 5859
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

 

Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке киргизди. Бул тууралуу аталган Академиянын аткаруучу директору Ширин Муканбетова билдирди.

- Бул долбоор Европа Биримдигинин каржылык көмөк көрсөтүүсү аркылуу ишке ашырылат. 2018-жылдын январь айынан баштап Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт жана өзгөчө муктаждыгы бар жарандарга рынокко багытталган билим берүү кызматтарын колдоону максат кылат. IT сектору аркылуу туруктуу социалдык кызматташтык жана өнөктөштүктү жаратуу жана ишке ашырууда эмгек рыногу, иш берүүчүлөр, коомчулук жана “IT Академиясынын” сапатын арттыруу максатында тыгыз кызматташууну түзүү пландаштырылууда. Жалпысынан 25 атайын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, муктаждыгы бар жаштар бир жылдык окуу курсуна тартылып заманбап жана эмгек рыногуна талап кылынган алдыңкы IT шык-жөндөмдөргө ээ болмокчу жана сунушталган окуу курс интенсивдүү нукта, инновациялык окутуу ыкмаларды колдонуу менен окутулат - дейт, Ш.Муканбетова

Белгилей кетсек конкурска катышуу үчүн жаш-курагы 15-30 жашка чейин мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдар,  өлкөнүн баардык аймактарынын тургундары катыша алат.

Биринчи этап – онлайн арыз. Долбоорго катышууга онлайн арыз https://goo.gl/forms/fNcR4vPCE5qL4L1A2 ссылка аркылуу толтурулат жана тандоого катышууга милдеттүү критерий болуп эсептелет. Арыздар 2018-жылдын 10-майына чейин кабыл алынат. 
Экинчи этап – Тандоо комиссиясы арыздын онлайн-формасын караштыргандан кийин кандидаттар менен байланышат. Тандоо комиссиясына алар сураган документтердин пакетин жөнөтүү зарыл (office.kssda@gmail.com дарегине)

 (10-майдан1-июнь,,2018-ж.)
Үчүнчү этап – финалга чыккандар жана алардын ата-энелери менен маектешүү (скайп аркылуу) (1-10-июнь, 2018-ж.). 

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4980
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1165