Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

11 - Мая  2018 | 11 : 14165
Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

 

Быйылкы жылы  Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ААКсы  өзүнө тиешелүү иш ыргагын  кызуу колго алып, областтын экономикалык көрсөткүчүн алдыга чыгарууга чоң салым кошо  баштады. Анткени нефть өндүрүү боюнча  жыл башынан берки планды ашыгы менен аткарып, оозго алынды.  Деген менен мындагы мекеменин ишин үзгүлтүккө учуратууну каалагандар болууда. Мекеме тууралуу жалган маалыматтарды элге жайган айрым күчтөрдүн ар кандай терс аракеттери да жумуштун жүрүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Мындан улам акционердик коомдун жетекчилиги  республикалык жана жергиликтүү Массалык маалымат каражаттары аркылуу мекемеде жүрүп жаткан иштер, инвестиция тартуунун зарылдыктары боюнча кенен маалымат берүүнү туура көрүшкөн жана бул багытта атйын пресс конференция уюштурушту.

 

 

Рашит Бостонов, “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкы директору:

-Апрель айында өткөн жалпы жыйында  акционерлерибизге ачык жана даана отчётубузду бердик,Анан кайрадан  2018-жылга  шайландык. Бул үчүн өз аракетибиз да эске алынды. Анткени 2017-жылы нефть өндүрүү 103 миң тоннага жетип, план 121 пайызга аткарылды. Таза киреше 204 пайызга га жетти. Ал эми 2018-жылдын биринчи кварталын 137 пайыз менен жаап жатабыз. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 миң тоннага көп мунай өндүрдүк дегенди билдирет. Тактап айтканда, 2018-жылдын биринчи кварталына карата 27 миң 387 тонна нефть, 7, 602 млн. куб газ өндүрдүк. Ушундай темп менен иштеп,  быйыл аны 30 миң тоннага жеткирели деген ниеттерибиз бар.

Анан да айта кетүүчү жагдай, бул ишкана 2017-жылдын 1-майына чейин өндүрүштүк-финансылык абалы өтө оор мезгилге тушуккан. Жыл башында «Избаскент» нефтини даярдоо участкасында жана өндүрүү жайларында резервуарлар нефтиге толуп кеткен. Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) заводунун резервуарлары сатып алуучу жоктугунан, мазутка толуп, завод иштебей, токтоп калган экен. Мунун кесепетинен 323 скважинанын ичинен 192си айласыздан иштетилбей турган. Кайрагач, Чаңгыр-Таш участкаларында иштеп жаткан скважиналар толугу менен токтотулган. 2017-жылдын апрель айында мунай өндүрүмдөрүнүн сатылышы кескин токтоп калып, мекемебизге кооптуу өндүрүштүк-финансылык абал түзүлдү. Бул Соцфондго, салыктардын, бюджетке болгон карыздардын төлөнбөй калып, көбөйүшүнө алып келген. Анын негизинде 2017-жылдын 1-майына карата Соцфондго болгон карыз 18 млн. 574 миң сомго жетсе, салыкка болгон карыз 41 млн. сомду түзгөн. Жыйынтыгында иштеп турган скважиналардын токтотулушу өтө чоң финансылык каражаттардын жоготуусуна, бардык техникалык, экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди.

Буга чара көрүүнүн натыйжасында 2017-жылдын май айынан иштер алга жыла баштады. Ош шаардык жылуулук борбору менен 14,4 тоннага келишим түзүлүп, КПКнын кампасында топтолгон 9,5 миң тонна мазут Ошко жеткирилип, кампалар бошотулду. Токтоп калган завод өндүрүлгөн мунайды кайра иштете баштады. Анын арты менен бардык маселелер чечилип келди.

Азыр өндүрүш кызуу жүрүп, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун экономикалык абалы күн сайын жакшырып баратат. Нефть өндүрүүнүн көлөмү жогорулап, киреше эки эсеге көбөйдү.  “Бул мекемеде өндүрүш алдыда болсо да инвестиция керек деп жатышат. Өздөрү  эле иштетишсе болмок” деген да пикирлер айтылып жүрөт. Иш жанданганы ырас, бирок инвестиция салуунун зарылдыгы да бар. Анткени биздин мекеме бир жылда 10 скважинаны гана бургулоого мүмкүнчүлүгү бар. Бир скважинаны бургулоо иши 60-70 миллион сомду талап кылат. А бизде Майлуу-Суу-4, Чыгыш Избаскент нефть өндүрүүчү жайларында изилденип, аныкталган 450 скважинаны бургулоо керек.  Буга өзүбүздүн күчүбүз менен кирише турган болсок 45 жыл кетет экен.  Негизи аныкталган бургулоо иши 5 жыл ичинде казып алынышы керек.  Бүгүнкү күндө жердин астында жаткан 4 млрд. 100 млн. куб изилденген газдын запасы бар. Биздин максаттар ишке аша турган болсо, Кыргызстандын түштүгүн арзан газ менен камсыз кылууга жетишкен болор элек. Буга жок дегенде 500-700 миллион долларга чейин инвестиция талап кылынат. Негизи инвестиция тартуу зарылдыгы турат. Заводдун иштеп чыккан продукциясы Евробиримдиктин талабына жооп бербейт. Аны анан сата албай кыйналабыз.  Мунай өндүрүп коңшу өлкөлөргө сатсак, баасы ар кандай коюлуп, ишибиз аркага кетиши мүмкүн.  Мына ошондуктан, биздин эмгек жамаат сөзсүз түрдө инвестиция тартылышын колдоп жатышат. Биздикилер да Россиянын “Газпром” ишканасынын келишин колдошууда. Инвестор чыгып калса биздин талаптар коюлат.

Кочкор-Ата шаарынын калкына газ, суу төлөмдөр ушул боюнча калат, соцпакеттер каралат, жумуш орун кыскарбайт, тетирисинче көбөйүшү мүмкүн. Мектеп, бала бакчаларды куруу жактары эске алынат.  Бирок, башта айтып өткөн жетишкендиктерге карабастан айрым бир күчтөр биздин жалпы чогулушту жокко чыгарып, ошол күнү жыйынды бузууга аракет жасашты. Туура эмес маалыматтар менен күрөшүп, биз да элге туура маалымат жеткирели деп убактыбыз кетип жатат. Ишибиз бир аз солгундап турат же «Кыргызнефтегазда» иштебеген же акционерлерге тиешеси жок, сырттагы эле айрым адамдар терс аракеттерди жасап жатканын алдын албасак, эртең ал өөрчүсө биздин ишканабызга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан жетекчи катары мунун алдын алып, укук коргоо органдарына кайрылбасак болбойт экен. Элге таратылган жалган маалыматтар тууралуу УКМКнын, ОИИБдин башчыларына кайрылдык. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жетишкендиктерибизди айталы деп ушул иш-чараны уюштурдук».

 

 Мелис Тургунбаев, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы:

- “Кыргызнефтегаз”  АККсы  былтыркы жылы мунай өндүрүүнү 121% аткарды, 2016-жылга салыштырмалуу 119 пайызга өстү деген сөз. Таза киреше  2016-жылга салыштырмалуу 155 пайызга өстү, башкача айтканда таза кирешебиз 652 млн. сомду түздү.  Планды эки эсеге аткардык. Мамлекетке төлөмдөрдү төлөө дагы жакшы көрсөткүчтү берди. Ушул эле мекеме бюджетке  792 млн. сом салык төлөп берди. Дивиденддерди акционерлерге өз убагында төлөдүк. 2016-жылы дивиденд катары бир акцияга 4 сомдон төлөсөк, 2017-жылы алты сомдон  төлөй алдык. Ошентип экономикалык, социалдык көрсөткүчтөр 120%дан 200%га чейин өстү. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча алдыга жылып, чоң жетишкендиктер болгондугун тастыктайт. 2017-жылы директорлор кеңеши башкармалыктын төрагалыгына жаңы жетекчини шайлаган болчубуз. Ага ушундай тапшырмалар коюлган болчу. Ашыгы менен аткарасыңар, эки эсеге чыгарасыңар деп. Планды ашыгы менен аткаргандыгын, жетишкендиктерди, алдыңкы көрсөткүчтөрдү эске алып директорлор кеңеши бир добуштан макул болуп ушул жетекчиликти калтырдык. Башкармалыкка дагы жаңы тапшырмаларды койдук, буйруса быйыл дагы план эки эсеге аткарылышы керек. Азыр мына 2018-жылдын биринчи кварталында план 137%га аткарылды. Мурунку жылдын биринчи кварталына  салыштырмалуу 140%га көп аткарылды. А биз тапшырма коюп жатабыз, планды 150 пайызга аткарасыңар деп. Таза киреше быйылкы жылдын биринчи кварталына карата 208 млн. сомду түздү. Биз койгон талаптарды ашыгы менен алдын ала өндүрүп жатышат. Анан алдыда чоң иш-чаралар күтүлүүдө. Жаңы инверсторлорду табуу зарылчылыгы, анын арты менен жаратылыш газын өндүрүү, нефть скважиналарын көбөйтүү сыяктуу максаттар бар.  Буйруса максаттар да жүзөгө ашат деп ишенебиз. Ар кандай күчтөрдүн аракетине карабай  өз жумушун аткара берет.

 

Буркан Темирбаев, “Кыргызнефтегаз” ишканасынын финансы директору:

- Биздин мекеменин  финансы-экономикалык көрсөткүчү мисалга арзыйт.  2017-жылдын көрсөткүчтөрүн акыркы он жылга салыштырсак дагы мындай болуп көрбөгөн. Айтсак, 652 млн. сом баланс киреше менен чыккан эмеспиз. Буга 2017-жылдын жыйынтыгы менен чыктык да. А нефть өндүрүү боюнча  акыркы 20 жылдан бери 100 тоннадан ашык көрсөткүчкө чыкпай келгенбиз. Былтыр ошондой жыйынтыкка жеттик. 1992-жылдан бери биринчи жолку көрсөткүч болуп жатат. Айлык акылар, салыктардын төлөнүшү да жогору болду. Соцфонд менен салыкка 792 млн. сом төлөндү.  Бул аракеттердин баарына жамааттагы ынтымакта, биримдикте иш алып баруунун жыйынтыгы деп айтсак болот. 2500 киши нан таап жаткан мекеменин ишин айрым адамдар гана көрө албай жатат

 

 Акын Токсонбаев, “Кыргызнефтегаз” ААКнын профсоюз комитетинин төрагасы:

- Кызматкерлердин эс алуусу үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Бизден башка мекемелерде бир да биздин кызматкерлерди колдогондой колдоо жок. Кызматкерлерди эс алууларына шарт жаратуу үчүн, былтыр 138 жолдомо алсак, быйыл 250нү сатып алганга жетиштик. Андан сырткары бир жылда кызматкерлердин балдарын эс алдырууга басым жасайбыз. Жыл сайын  650 баланы  эс алууга жиберебиз.  2300 кызматкердин ичинен 900ү быйыл бекер эс алып келишти. Анан бизден чыккан ардагерлерди эс алдырчу элек, жылда 110 аксакалыбыз эс алса, быйыл эки жүздөн ашуун ардагерлерибиз эс алып келишти. Эң негизги биздин социалдык обьектилерге көңүл бурулуп, балдар бакчасы ачылды. 198 бала бакчага барып жатат. Биздин жумушчулардай эс алууга шарт жараткан мекемени көрө элекмин. Андан сырткары федерация да бизге жөн койбойт. Жылына 2 кишилик 60 жолдомо берип турат.

Лагерлер боюнча алсак, жылда 900 балдар бара турган болсо 1500 адам барып эс алды. Шаардагы стадион, Маданият үйү бүт баары “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабына каржыланат. Газ, суу боюнча да жумушчуларга чоң жеңилдиктер каралган. 2017-жылы май айына чейин  өтө чоң кыйынчылыкка туш келгенбиз. Техникалар токтоп,  мазуттар сатылбай, жумушчулар иштебей калды. Бирок, андай кыйынчылыктан жетекчилик жолун таап, сууруп чыкты. Муну эмнеге айтып жатам?  Себеби өткөндө акционердик жыйын болду. Ал жерде мыйзам боюнча жылдык отчет угуу, экинчиси акционерлердин дивидендди кароо болчу. Ага карабастан ошол жерде бир эки адам кирип кичине ызы-чуу салды, туура эмес иштер болду. Биз аларга теңелген жокпуз. Айрым массалык маалымат каражаттары жылдык жетишкендиктерди эмес, ошол кишилердин салган чырын көрсөтүп туруп алышты. Анан аргасыз калкка чындыкты жеткирели деген ойдо олтурабыз.

Инвестиция салуу зарылдыгын билип туюп туруп да айрым адамдар элди тескери үгүттөөгө аракет жасап жатат.  Биз ушул жерде көп жылдан бери иштейбиз, дал ушул шаарда күн кечиребиз. Биз мекеме үчүн күйөбүз, өсүүсүнө үмүт артабыз. Инвестиция салуу зарылдыгын билип көрүп туруп, кантип колдобой коё алабыз?  Бизде азыр чыгарып жаткан сырьёлорубуз Евро-2 чыгарат, биз евро-5ке  жетишүүбүз керек.  Андай кадамга барбай, эптеп күн өткөрүп жүрө берсек, биздин продукция эч жака өтпөй калышы мүмкүн.  Кимге пайда, кимге зыян болот? Биз бүгүнкү күндө эмес мекеменин эртеңи үчүн колдоп, кубаттап жатабыз.

 

Кочкорбай Амадалиев, “Кыргызнефтегаз” ААКнын газды реализациялоо бөлүмүнүн башчысы:

- Аймактарды өнүктүрүү жылына карата “Кыргызнефтегаз” ААКда калкты газдаштыруу маселеси боюнча 7 долбоор иштелип чыккан болсо анын алтоо ишке ашты. Жыл башынан бери 300 абонент газга туташтырылды. Ошондо жалпысынан 5,5 миң абонентти газдаштырдык, калк санына караганда 30 миңге жакындап калды. Жыл аягына чейин дагы 200-300гө чукул абоненти кошуу пландалууда.    Кочкор-Ата шаары толугу менен газдаштырылды. Андан сырткары Момбеков айыл өкмөтүнүн 3төн бир бөлүгү да газ менен камсыз болуп калды. КМШ өлкөлөрүндө эң арзан газ “Кыргызнефтегаз” ААКы берген газ, анткени 6 сом 14 тыйындан сатабыз. Ал эми биздин кызматкерлерге 3 сом 7 тыйындан беребиз. Газга болгон жоготуу деген чоң көйгөйүбүз болот. Салыштырып айтсам мурда 10 пайыз болсо, быйылкы үч айлыкта 4%га түштүк. Газпромду изилдедик, алар абдан тажрыйбалуу ишкана. Алар жылына 500 млрд.куб газ өндүрөт экен. Ал эми кыргызстанды толук газдаштырсак 1 млрд. куб ашыгы менен жетет экен. Андыктан биз бул дүйнөлүк ири мекемеге коркпой эле өтүшүбүз керек.

 

Калдарбек Абдразаков, Кочкор-Ата шаардык суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы:

- Бизде газ арзан болгону менен таза сууга болгон төлөм жогору турат.  Анткени жер алдынан 3 подьем менен 200 метр тереңдиктен алынып чыгат. Таза сууну тартып алып, элге берүү чоң түйшүктү жаратат. Ага карабастан жетекчиликтин колдоосу менен бир аз да болсо жумушубузду жөндөп алдык. Калкты таза суу менен камсыздоо көйгөйү күч, ага карабастан мекеме бул түйшүктү өз мойнуна алып, колдон келген аракетин жумшап келет.  4500 абонентти камсыздайт.  

 

Рашит Сулайманов, КПКдагы коопсуздук кызматынын жетекчиси:

- Жогоруда айтылып кеткендей биздин завод 2018-жылдын 1-январынан токтош керек болчу. Ага карабастан дагы эки жылга мүмкүнчүлүк берилди. Эки жыл ичинде инвестиция таап, башка завод курушубуз шарт. Биздин завод жабылып калчу болсо, “Кыргызнефтегаз” өндүргөн мунайын айласыздан Өзбекстандын Фергана заводуна айдаш керек болот.  Бирок, бул кадам бизге пайда алып келбейт. Биз инвестор табуу жолуна гана басым жасообуз керек болуп турат. Биздин кызматкерлер ошол үчүн Россиялык “Газпром” ишканасына макул болуп жатышат.  Себеби инвестор болчу ишкана дүйнөлүк ири компаниялардын бири, тажрыйбасы да мол экен.

Анан мен айта кетүүчү жагдай,  биздин мекеме тууралуу  маалыматтарды айтып жүргөн адам төрт ирет соттолгон.  Жумушунда бир катар кемчиликтерди кетиргени үчүн кызматынан кол жууган. Өткөнкү жалпы жыйында Бостонов “Кыргызнефтегазды” сатып жибергени жатат дейт. Бостонов сатып жибере албайт, муну өкмөт, мамлекет башчы чечип, Жогорку Кеңеш ратификация кылат.  Ишкана сатылбайт,  инвестиция тартылат. Жалган маалымат тараткан адамга укук коргоо органдары чара көрбөй жатканы мени өкүндүрөт.  Өз жообун алышы керек.

 

Нурлан Абылов, нефть жана газ өндүрүү башкармалыгынын башчысы:

- Мен бир нерсени айтып кетейин, учурда биздеги нефть запастары абдан тереңде болуп жатат. Кыргызстанда нефть, газ боюнча мыкты адистер жок. Мына ошондуктан да инвестиция керек болуп турат. Ал эми бизде иштебеген, ишибизди билбеген адамдар биздеги ишти баалоого укугу  жок, туура эмес деп эсептейм.

 

Бекболот СУЛТАНОВ, УТТнын башчысы:

- Акционердик жыйналып  жалпы жетекчилерге баа бере турган чогулуш болот. Ал күнү бизде иштебеген, тиешеси жок адамдар жетекчиликке, коллективге баа берип жатканы өкүндүрөт. 2500миң кызматкер иштейт, алар оор тармакта иштешет. Анткени күнү-түнү, ысык-суук дебей талаада эмгектенишет. Ушунча кишинин мээнетин жокко чыгарабыз деп аракет кылып жаткан күчтөр бар экен. Жалпы элге кайрылат элек, чагымчыл, туура эмес маалыматка ишенбегиле. Учурдагы жетекчилик кызматка келгенде абал оор эле. Мен транспорт мекемесин жетектейм, көп кыйынчылыктарда көргөнбүз. Запастык бөлүктөр жетишсиз, тендерлер өткөрүлбөй, ремонтко акча бөлүнбөй жүрчүбүз. Азыр ал маселелер жок.

 

Оморали Анарбаев ,«Кыргызнефтегаз» АККтын кызматкери:

- Биз “Газпром” келсе өз эркибиз менен акциябызды берели деп жатабыз. Бизге жетекчилик же башка тараптан акыл үйрөтүп, басым кысым кылган жери жок. Мисалы “Кыргызгаз” ишканасы Газпромго өтүп, “Газпром -Кыргызстан”  ишканасы болуп түзүлдү. Ага өткөндөн бери бир акцияга 48 сом дивиденд төлөнүп жатат. Жумуш жакшы колго алынды. Жумушчулар өзүбүздүн эле жарандар болду. Сырттан келип иштеп, биздин жарандар четтеп калган жери жок. Кызматкерлердин да маяналары көбөйдү.  Бизге да инвестиция келсе нефть казуу иштери кеңейет, талапка ылайык заманбап завод курулат.  Биз инвесторго коркпой эле беришибиз керек.

 

Таалай Мурзакулов, башкармалыктын транспорт жана жалпы маселелер боюнча орун басары:

- Азыр абал күндөн күнгө оор болуп баратат, себеби бизде ушакчылар көбөйүп кетти. Жамаатты  бөлүп жарууга аракет кылгандар бар. Көчөдө жүрсөң эл  “Кыргызнефтегаз банкротко учураптыр,  жок болуп кетет экен. Кызматкерлер жумушсуз калат экен” деген сыяктуу ашык айып кептерди айтышып, дүрбөлөңгө түшүп калышыптыр.  Биз аларга туура түшүндүрүүгө аракет жасап жатабыз.  Өткөндө биринчи кварталды жыйынтыктаган областтык коллегияда жөнү жок жерден мекемеге сөз тийип калды. Ноокен районунун салык төлөмүнүн чыкпай калуусуна биздин мекемени бетке тутушту.  “Кыргызнефтегаз” былтыркы жылдын биринчи кварталынан 10 миллион сомго аз төлөдү деп айтылды. Кийин биз чогулуш өткөрүп, ага райондук салык башкармалыгынын башчысын чакырдык.  Жетекчиси келбей койду.  Салык кызматкери келип, салыкчылар менен такташтык. Былтыркы жылы 2016-жылдагы калган карызды кошуп төлөгөндүктөн көп салык төлөгөндүгүбүздү, 2018-жылы салыкты 100% төлөгөндүгүбүздү  далилдеп бердик.  Райондук салык кызматкери  Абдуллаев «Быйылкы жылдын салык планынын толбой калганынан “Кыргызнефтегаздын” күнөөсү жок, ал эми республикалык бюджеттин аткарылбай калганынын себеби 2017-жылга салыштырмалуу план ашыкча берилип калган»,-деп, протоколго кол коюп кетти. Биз бул протоколду тиешелүү тараптарга жөнөттүк. Тийиштүү кадамдар жасалат деген ойдобуз. Биздин мекеме төлөмдөрдү өз убагында төлөп жатат.

 

Кубаныч Назаров, нефтичи-оператор:

- Мекеме унаалар менен камсыздай албай калган учурда да бешене тер төгүп  нефть казчу жерге жөө барып иштеп жүрүп, ушул ишкананы сактап калдык. Биз үчүн жүрөгүбүздө орун тапкан жай.  Скважиналар токтоп калган учурлар да болчу. Ал көпкө токтогону болбойт, анда аны жоготобуз. Азыр мына жаңы жетекчилик келгенден бери андай учур болбоду. Жаңы казылган скважиналар  көбөйдү, нефть көп казгандыктан айлыктар көбөйүп өз убагында алып жатабыз. Инвесторлор боюнча министрликтерден келгендер жалпы жыйында үч мамлекеттен сунуштар болуп жатканын айтышты. Биз алардын ичинен Россияны колдоп жатабыз.

 

Кадыржан Момунов, курулуш монтаждоо участкасынын жетекчиси:

- Өз күчүбүз менен заманбап үлгүдөгү евро-5 чыгара турган завод курууга дараметибиз жетпейт. Бургулоо ишин өз каражатыбызга жөндөй албай жатабыз, анан кайдан завод курмак элек? Бизде кен байлык бар, аны максаттуу иштетүүбүз керек. Ал үчүн биздин продукциянын өтүмдүү болуусун эске алып, инвестор табууга кадам таштоого туура келет. Бизге ишенимдүү инвестор керек.

 

Даярдаган Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 476
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2365
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2985
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38149
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46167
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35158
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1167