Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

11 - Мая  2018 | 11 : 2348
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

 

Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук капиталдык инвестициялар тартылган. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине(салыштырмалуу баада) салыштырмалуу 132,3 пайызга өскөндүктү билдирет. Жалпы республиканын негизги капиталга инвестицияларды тартуу көлөмүндөгү областын үлүшү 12,9 пайызды түздү.

Ички инвестиция тартуунун жалпы көлөмү 886,7 млн. сомду түзүп,2017-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 116,1 пайызга өскөн, же 123,1 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен:

-республикалык бюджеттен -183,9 миллион сом тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу 174,5 миллион сомго көп;

-жергиликтүү бюджеттен - 7,1 миллион сом, же 1,4 миллион сомго аз;

-ишканалардын жана уюмдардын эсебинен -154,9 миллион сом, же 18,5 миллион сомго аз;

-калктын жана башка каражаттардын эсебинен -540,8 миллион сом, же 31,5 миллион сомго аз тартылган.

Тышкы инвестициялардытартуунун жалпы көлөмү 1 миллиард 512,3 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 144,6 пайызга өсүп, же 466,3 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен:

-чет өлкөлүк кредиттен - 655,1 миллион сом, же 60,9 миллион сомго аз;

-тике чет өлкөлүк инвестициялардан - 846,6 миллион сом, же 520,2 миллион сомго көп;

-чет өлкөлүк гранттан жана гуманитардык жардамдан -10,6 миллион сом, же 7,1 миллион сомго көп тартылган.

Инвестициялардын тартылуусунун менчиктин түрүнө карата пайдалануусу боюнча абал төмөнкүдөй:

-Мамлекеттик менчикке - 231,4 миллион сом тартылып, капиталдык инвестиция тартуунун жалпы көлөмүнүн 9,6 пайызын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 206,5 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен областтагы 9 айыл аймактарынын эсебинен жалпысынан 83,3 миллион сом, Жалал-Абад шаардык суу чарба башкармасы 32,8 миллион сом, түштүк регионалдык өзгөчө кырдаалдар департаменти Жалал-Абад облусу боюнча 10,5 миллион сом жана Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгы 63,1 миллион сом инвестициялык иштерди тарткан.

-Акционердик коомдор жана башка жеке менчикке – 2 миллиард 167,6 миллион сом капиталдык инвестициялар тартылып, жалпы тартылган көлөмдүн 90,6 пайызын түздү. 2017-жылдын январь-март айына салыштырмалуу 383 миллион сомго көп тартылган. Анын ичинен, Токтогул ГЭСтер Каскады ишканасына 60,4 миллион сом, Камбар-Ата ГЭСине 36,2 миллион сом, Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасында 11,2 миллион сом, "Майлуу-Суу лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коомуна 4,2 миллион сом инвестиция пайдаланылган.

 

Жумагүл Закирова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5575
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4980
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5859
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 383
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5470
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0105
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1164