Башкы плансыз болочок күткөн шаар

29 - Мая  2018 | 4 : 1299
Башкы плансыз болочок күткөн шаар

 

Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалыктар уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. Ага чейин пиво заводу-аэропорт жана башкалар курулган. Жалал-Абад шаарынын өнүгүүсүнө түрткү болуучу башкы планы тууралуу Жалал-Абад регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Бакытбек Байжигитов менен ой бөлүштүк.  

 

- Шаардын башкы планы эмне үчүн түзүлөт?

-Башкы план шаар курулуш саясатын долборлоону уюштуруунун омоктуу багыттарын аныктоочу негизги документ.  Жаңы экономикалык шарттарда генплан шаардын 25-30 жыл алдыга өсүү темпин жана шаардын курулуш тартиптерин аныктайт жана ошол макстатта түзүлөт.  Шаардагы калктын өсүшү менен шаардын генпланын өзгөртүп турууга аргасыз болобуз.

-Буга чейин канча жолу өзгөртүлдү?

-Шаардын башкы планы1978-жылы «Кыргызгипрострой»  долбоорлоо институту жана 2005-жылы «КНИИП градостроительства»  долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан. Аны шаардык кеңештин депутаттары бекитет.  2005-жылкы долбоору 2009-жылы 16-мартта шаардык кеңештин №3 токтому менен бекитилген. Кабыл алынган планда, шаардын архитектура жана шаар курулуш багыты аныкталып, алдыга өсүү темпи көрсөтүлгөн.

-Ошол кабыл алынган  башкы план шаардын  канча аймагын өзүнө камтыган?

-Жалал-Абад шаарынын учурдагы ээлеген аймагы – 2499,0 га жер аянтын түзөт, мындан сырткары Жалал-Абад шаарына караштуу «Тайгараев» аймактык башкаруусу – 2543,0  жана «Кызыл-Суу» айылы 3686,0га жер аянтын камтыйт. Шаардын аймагы, административдик жактан баш ийген «Тайгараев» аймактык башкаруусу жана Кызыл-Суу айылы менен чектешпейт, ортосун Сузак районуна караштуу жер аянттары бөлүп турат.

-Айтсаңыз, сиз жогоруда калктын өсүшү менен шаардын генпланын өзгөртүп турууга аргасыз болобуз дебедиңизби, учурда абал кандай? Генпланды өзгөртүү маселеси жокпу, дегеле бүгүнкү күндө башкы план өзү барбы?

-Ачыгын айтканда учурда шаардын башкы планы жок десек болот. Анткени жашоочулардын саны кескин өсүп кеткендигине байланыштуу жаңылоо, кеңейтип өзгөртүү, зарылчылыгы чыккан. Шаардын башкы планын корректировкалап, өзгөртүү киргизүү үчүн, 2017-жылы шаардык кеңеш тарабынан 1 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. «КНИИП градостроительства»  иституту тарабынан келишим түзүлүп, жумуштар башталды.

Шаардын курулуш  багытын, укуктук жактан зоналарын аныктоо жана колдонуу саясатын так аныктоо үчүн «Жалал-Абад шаарында курулуш жана жер пайдалануу эрежеси» иштелип чыккан. Аталган эреже АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү агенствосунун техникалык жардамынын алкагында ЮСАИД уюмунун колдоосу менен ишке ашырылмай болууда. Ал эреже Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан бекитилген. Анда өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу шаарды төмөнкү зоналарга бөлүү каралган:

- Борбордук коомдук-ишкердик , турак-жай, атайын зоналар, коммуналдык жана транспорттук, өнөр-жай, ренкреациялык жана айыл-чарбага пайдалануу зоналары сыяктуу.  Эгерде жогорудагы эреже ишке ашып калса, бир топ эле негиздүү иштер жүрмөк.

-2005-жылдан кийин шаардагы бир топ жерлерди өз билемдик менен басып алган жарандар бар. Ал жерлердин колдонуу багыттары кандай өзгөрүп келүүдө? 

 -Ооба, чынында азыркы учурда, шаардын өнүгүү багыты бир кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болгон, тактап айтканда, өнөр-жай зонасындагы «Живпром» участкасында 2006-жылдын баштап жер аянттарын, атуулдар тарабынан  өз алдынча ээлеп алуунун негизинде, турак-жай зонасы пайда болгон жана бир канча менчик аянттарын колдонуу багыты өзгөртүлгөн, эски «Пахта тазалоочу» заводду ээлеген жер аянты да менчикке өтүп, борбордук жерлери коомдук-ишкерлер зонасына которулган.

-Эми кооптуулук жөнүндө да сөз кыла кетсеңиз, мисалы шаардын чок ортосунда жайгашкан аэропорттун жакын жака белин менчик үйлөр басып кетти. Бул жагдай сиздерде канчалык эске алынган?

-Ооба, биз шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте карап чыкканбыз. Анда шаардын башкы планында да, «Жалал-Абад шаарында курулуш жана жер пайдалануу эрежесинде» да аэропорт шаардын ортосунда жайгашып калгандыгына байланыштуу,  шаардан сырткы аймакка чыгарылуусу белгиленген. Ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу жана эс алуу зоналарын түзүү көрсөтүлгөн. Мындан сырткары Бекмамат Осмонов көчөсүндө орун алган КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Жалал-Абад областтык №10-жаза аткаруу мекемеси орун алган. Бул жаңы генпланга киргизилген эмес. Шаардыктардын коопсуздугу үчүн бул мекемени да шаардан сырткары башка аймакка көчүрүү керек. Башка мүмкүнчүлүк жок.  

- Учурда шаарда казуу, кеңейтүү сыяктуу иштер жүргөнсүйт, жагымсыз да учурайт экен. Бул иштер келечекте дайын болуучу башкы планга ылайык келеби?

-Биз, учурда шаардын аймагында көчөлөрдү кеңейтүүгө аргасызбыз. Анткени унаа каражаттары күн санап өсүүдө ошондуктан жолдорду кеңейтүү керек жана учурда ал иштер кызуу жүрүүдө. Мисалы 2015-2016-жылдары борбордук Ленин көчөсү кеңейтилди жана быйылкы жылда Пушкина жана Чехова көчөлөрүндө кеңейтүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4224
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23249
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29247
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38287
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46309
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35287
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20419