Ич жылыган ийги иштер

29 - Мая  2018 | 4 : 29273
Ич жылыган ийги иштер

 

Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун алыскы айыл аймактарында болуп, жергиликтүү калктын үнүн угуп кайтты. Чек арага чектеш “Көк-Таш” айыл аймагынын эли чек ара маселесин көтөрүшсө, “1-Май” айыл аймагынын тургундары курулуш үчүн иштетиле турган бышкан кыштын бир даанасы 12-13 сомго айланып жатканын,  аны да алыстан ташып жатышканын белгилешти жана ушул аймакка кыш заводун куруу зарылдыгын айтышты. 

“1-Майдагы”  алгылыктуу аракеттер

Облус башчынын сапары адегенде “1-Май” айыл аймагынан башталып, анда  курулуш иши жанданган бир катар обьектилерди көздөн кечирди. Маалым болгондой, мындагы айыл аймактын Эшме-Сай участкасында    калкты таза суу көйгөйүнөн арылтуу кадамы жанданган. Аталган айыл аймактын  башчысы Муктар Шербаевдин айтымында "1-Май” айыл аймагынын Эшме-Сай участкасында курулуп жаткан резервуарлар, сууну тазалоо жана башка таза суунун курулмасы үчүн кошумча курулмаларды куруу" долбоору райондук “Региондорду өнүктүрүү”  фонду тарабынан каржыланып, ишке ашырылып жатат. Курулуш иштерин "Югстройсервис" ишканасы жүргүзүүдө. Башкы курулма ишке берилсе,   Айры-Там,  Ажек,  Жаңы-Шаар, Ынтымак айылдары  таза суу менен камсыз болот.

-Долбоорго ылайык 250 метр кубдан турган 2 резервуар курулат жана хлоратор(суу тазалагыч), чарбалык имараттарды куруу пландалган. Мындан сырткары 4 чакырым аралыкка таза суу трассасын тартуу иштери  жүрөт.  Долбоордун наркы 11 562 396 сомду түзөт -деди  Муктар Шербаев.

Ажек айылында курулуп жаткан маданият үйүнөн да кабар алынды. Бул маданият үйү АРИСтин "Айылды инвестициялоо-3"  долбоорунун алкагында Немец өнүктүрүү банкынын каражатына курулуп жатат. Эки кабаттан турган  имарат 230 көрүүчүгө ылайыкташкан.   Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилмекчи.  Ошол эле аймактагы Жаңы-Шаар орто мектебинин абалын да көрүштү.   Мындагы мектеп имараты авариялык абалга кептелип,  мугалимдер окуучуларга татаал шартта сабак берип жатат. Мындан улам айыл эли  2016-жылы башталган курулуш иши жакшы жанданбай жатканын айтышып, имаратты эртелетип бүткөрүп берүүнү суранышты.   Жумушчу топ калк менен да жолугуп, алардын ой пикирлерин угуп, суроолоруна жооп беришти.  Жолугушууда жергиликтүүлөр районго кыш заводун куруу зарылдыгын белгилешти. Анткени мындагы  аймакка бышык кыштын бир даанасы 12-13 сомго барат, мындан улам элеттиктер үй  тургузууда убай тартып келишет. Анткени, турак үйдүн дубалын тургузууга эле миллион сомдон ашуун каражат кетип жатат. Район акими Эмил Абдыкадыров “жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жана   инвестиция тартуу аракети жүрүп жаткандыгын”  билдирди.  Ошондой эле жергиликтүүлөр    кен казылган  жерлер кайрадан калыбына келтирилбей жатканын белгилешти.   Көйгөйлөрдү ортого салган эл айыл аймак башчысы Муктар Шербаевдин аймакты өнүктүрүү үчүн  бар күчүн жумшап жаткан аракетине өз ыраазычылыктарын да айтышты. Областтык бийликтин  өкүлдөрү да айыл өкмөт башчынын  бюджети аз экендигине карабастан, ар кандай эл аралык уюмдарга долбоор жазып, дал ошол долбоорлор аркылуу эле бир топ жумуш жасап жатканына ыраазы болушту.

“Көк-Ташта” да саамалыктар бар

Андан кийинки сапар “Көк-Таш” аймагында уланып, “Булак-Башы” айылында чек ара тилкелеринде жайгашкан турак жайлар менен таанышты. Андан сырткары “Көк-Таш” айылындагы “Орто-Суу” чек ара тозотунда болуп, аскер кызматкерлеринин жашоо шартын көрүп чыкты.  Мындагы аймакта  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 орундуу оорукана курулуп жатат. Эки кабаттуу имаратты куруу үчүн жалпы сметалык баасы 19 миллион сомду түзгөн каражат керектелет. Тендерден  “Некс Строй” ЖЧКсы 14 миллион сомго утуп алып, өз жумушун жасоодо.  Үстүбүздөгү  жылдын ноябрь айларына бүткөрүү аракети көрүлүүдө.  “Чоң-Сай” айылында тогуз бөлмөдөн турган ФАП курулууда. Бул имаратты куруу үчүн жарыяланган тендерден “Көк-Таш курулуш” компаниясы 2 миллион 330 миң сомго утуп, жумуш жүргүзүүдө. Бул обьектини курууга жумшалуучу каражатты да айыл өкмөт бөлгөн. “Көк-Таш” айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Эргешовдун айтымында “быйыл айыл өкмөттө жалпысынан 97 миллион сомдук курулуш иштери жүрөт”.     

 Ал эми көк-таштыктар чек ара көйгөйүн коюшту. Өзбекстан республикасы менен чектеш аймакта жашоо кечирген жашоочулар калктын жүрөк өйүткөн маселеси дал ушул такталбаган чек ара экендигин, талаш жаралган жерде гектарлаган айдоо жерлерине эгин тигин эге албай калышкандыктарын айтышты. Жол көйгөйүн көтөрүштү. Элдик жыйында белгилүү болгондой. айыл аймактын эли жарандык паспорт, күбөлүк алуу үчүн район борборуна барышат, оңой менен кезек тийбейт. Кээде кезеги жетпей кайрадан убара болуп, кайтууга туура келет.

 –Балдарга күбөлүк алууда көйгөй жок. Анткени “Көк-Серек” менен “Көк-Таш” айыл аймак эли үчүн 1-2 күнү кезексиз кабыл алышат, жумушуң батыраак бүтөт. Паспорт алууда кыйынчылык орун алууда. Аптанын бир күнүндө көк-таштыктарды кезексиз кабыл алуу тартибин киргизип берсеңер-деген сурануулар болду.  Интернет көйгөйү айтылды. Район акиминин ырастоосунда  калкты интернет менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, интернет маселеси чечилсе, паспорт алуу көйгөйү да жеңилдейт. Айыл өкмөттөн эле паспорт алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Жакынкы айларда калк көйгөйү жөнгө салынат.  Ыйгарымдуу өкүл жарандар көтөргөн маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер иш алып барылаарын, калк көйгөйүн чечүү негизги максат экенин баса белгиледи.

Ыйгарымдуу өкүл 105 жаштагы  Ажар энеден да кабар алып, ал абалын сурады. Кылым карыткан апа ак батасын берип, ыраазычылыгын билдирди. 

Бул кыдырууда калк койгон маселелерди оң тарабына чечүү үчүн тийиштүү кадамдар жасалмай болду.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 22384
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 47428
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 34213
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 52434
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 44343
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18430
Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз

       Жыл өткөн сайын электр энергияга болгон муктаждык да өстү. Бир кезде бир үйдө бир эле сыналгы болсо азыр  экиден-үчтөн кезиктирүүгө болот. Электр тогу аркылуу иштей турган үй-тиричилигине...

6 - Февраля  2018 | 5 : 18275