Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө жашайт”

29 - Мая  2018 | 4 : 35159
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө жашайт”

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон барды жараткан”, ар бир алган темасын ийне жибине жеткире иликтеп, жиликтеп, ар бир маселенин айланасында ой жарата билген, өзүнө гана таандык стили бар тележурналист катары да таанылып калган кези.  Ал көп жылдардан бери Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясында иштеп келет жана бул ишкананын калкты маалымат менен камсыздоодогу  оор жүгүн муюбай, чарчабай көтөргөндөрдүн  алдыңкы сабында турат.    Ал жакында  Европа мамлекеттеринин көрүнүктүүлөрүнүн бири катары эсептелген жана дүйнө алкагында орду бар Түркия жергесине журналисттик  ишмердик сапарда болуп кайтты. Ал жакка мындай багыт менен баруу  ар кимдин  эле бешенесине буюра бербейт.  Анда Гүлзина айымга “Түркия таасирлери кандай болду?”- деген суроо менен кайрылып, мындайча жооп алдык.     

                

  •  Гүлзина айым, дүйнө журналисттеринин катарында барып келген Түркия сапарынын багыты кандай максатты көздөдү?
  • Түркия мамлекетине жалпы   сегиз мамлекеттен, жыйырмадан ашуун журналист экономика багытында,  эки жумалык теориялык жана практикалык окууда болуп кайттык. Мындайча айтканда  журналистика чөйрөсүндө экономика темасын чагылдыруунун жол-жобосун үйрөтүү максаты болгон. Бул менин Европа мамлекеттеринин бирине багыт алган алгачкы  сапарым  болду. Түркиянын борбору Анкара шаарында жайгашкан Анадолу агентствосу биз үчүн эки жума аралыгында күчтүү  маалымат     булагына айланган борбор катары эсте алды. Бул агентствонун дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекеттеринде кабарчылары  иштейт. Алардын багыттары да ар түрдүү . Саясий, экономикалык , финансылык , аскердик жактарында атайын журналисттер дайындалып, окутулат. Дагы бир багыты азыр фотожурналистикага  карай ыкталгандыгын сезүүгө болот. Ал эми бизге түрдүү темада лекцияларды окуп ,практикалык айкалыштарды жасагандар  Түркиянын белгилүү инсандары, окумуштуулары , ал турсун президенттин  экономика жаатындагы кеңешчиси  да болду. Дүйнөнүн алдыңкы  мамлекеттери, алардын экономикалык көрсөткүчтөрү, анын ичинде Түркиянын орду жөнүндөгү окуулар, практикалык таанышуулар менен орун алды. Атайын министрликтер , ишканалар биздин билимди бышыктоого мүмкүндүк жаратты.Бул жерде баса белгилей кетүүчү жагдай  8 мамлекеттен барган ММК өкүлдөрү бул мамлекеттин өнүгүү мүмкүндүктөрүн өздөрүнөн окуду , көрдү, туйду.

 

  • Азыркы кезде бизде миграция саясаты күч алып турган кез. Россия сыяктуу эле Түркияга агылып кетип жаткандардын саны арбып баратат. Ал жактан жердештерибизди кездештире алдыңарбы жана мигранттардын укугу корголуптурбу?
  • Кыргызстандан бул семинарга  төрт журналист бардык. Барганда эле бизди кызыктырган көрүнуштөрдүн бири кыргыз мигрантарынын абалы болчу . Окуудан соң кыргыздар көп иштеген  жер деп саналган Кызыл  -Ай районуна бардык. Чындыгында кыргыздарды байма-бай кездештирүүгө болот. Ал жакта көбүнчөсү бала кароо,  карыгандарды багуу , үй кызматкери сындуу жумуштарда кыргыз кыз-келиндери иштешет экен. Айрым мусулман майрамдарын чогуу тосуп ,спорттук-иш-чараларды уюштурган топтордон да маалыматтарды алдык. Өкүнүчтүүсү бөтөн жерде жүрүп да, айрым жердештерибиздин  бирөөнүн үстүнөн акы алып, жеп жаткандыгы. “Биздин мындай адатыбыз качан калаар экен?”- деп, кайгыра да түштүк. “Ал кандай болот экен?” деген суроо пайда боло баштады да ээ. Анын жообу мындай: маселен , сиз жумуш издеп Туркияга бардыңыз дейли. “Ширкеттер”-деп коюшат экен, бизче айтканда “фирмада иштейбиз, иш таап беребиз” деген ортомчулар пайда болот да,  жумуш тапкандыгы үчүн акчага олтурат. Маянасы 500 доллар болсо , эки жүзүн акысы үчүн алып калат.Ортомчусу ким дебейсизби ,баягы эле кыргыздар . Сыртта жүрүп, бири- бирине караан болбой , тескерисинче “кыраан” көрүнгөн, “кайран көкүрөктөгү каралык” деп, капа боло түшөсүң.

 

  • Түрк туугандардын мекенчил сезими боюнча канчалык маалыматыбыз болсо да, алар менен бирге жүрүп, баарлашканда ушул багытта эмнелерди байкай алдыңар?
  • Бул мамлекетке ким барбасын Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине  кирбей кайтпас. Бул мавзолей биз жашаган аймакка жакын болгондуктан,  жөө эле басып бардык. Чиркин, адамды урматтоону, сыйлоону жана даңазалоону               биз түрк туугандардан  үйрөнсөк болчудай экен. Биз сындуу сырттан баргандар, туристтер, меймандар, же тим эле эс алып жүргөндөр  анын кабырынын жанында сүрөткө түшүп жатсак, жаш баласы менен келген жарандар ага сыйынып, таазим келтирип, көзүнө жаш алып, алкыш айтканын көрүп, таң калдым. Бизде  мамлекет үчүн күйгөндөрдү күнөөлөгөндөн  башка  күйүтүбүз жоктой жашайбыз го? Ал жердеги  урмат-сыйдын бийиктигин , мекенчилдигин ар бир үйдө илинип турган мамлекеттин желегинен да сезесиң. Бизде желекти үйгө илмек турсун, аны таягына илип алып, мал айдаса да үн катпайбыз. Башка мамлекеттик  ыйыктыктарыбызды барктай алабызбы? Символикаларыбыз баркталбай, тилибиз жоголуу коркунучуна кептелип турса деле, камырабай жүрөбүз го? Бири-бирибиз менен тытышкандан башка иш калбай калган сыяктанат.  Негизи мекенчил сезим чыныгы жүрөктүн түбүндө тура...

 

  •   Түркия мамлекетин туризм өнүккөн өлкө катары да билебиз да.  Силер барган кезде туристтердин агымы кандай экен?
  • Мен жөнөкөй гана бир мисал айтайын. Туризм багытындагы  жылына бул өлкөгө миллиондогон туристтер келип кетишет.Орточо эсеп менен эсептегенде  бир адам мамлекетке 840  доллар таштап кетет экен. Эми өзүңүз ойлоп көрүңүз, бул экономикалык өнүгүүнүн бир булагы эмеспи.  Мен ушул багыттагы тейлөөлөрдү көрүп,  кубандым. Ал жакта сиз полициядан корунбайсыз, кайсыл жерге кирбеңиз, сизди тейлеген мыкты адамдар, маданияттуу жана элпек тейлөөчүлөр тосуп алышат. Мейманканасынабы, же тамак иче турган жайына баш баксаңыз ал жердин шарты, тазалыгы, адамдардын мамилеси тим эле суугуңду арттырып, таңдайыңды так эттиресиң. шарт орун алган. “Улуу сөздө уят жок” демекчи, ажатканаларынын ичи, андагы түзүлгөн шарт чынын айтканда  биздин айрым үйлөрдөн таза. Туристтерди тартуу, туризмди өнүктүрүү, тейлөөнүн жаңы ыкмаларына ыктоону  айкын бир мисалын Түркиядан алып үйрөнсөк, биздин мамлекет  үчүн чоң олжо болмок. Ошол эле мезгилде экономикабыздын өнүгүүсүнө да чоң салым кошулмак.

 

  • Элинин жашоо маданияты, азык түлүк маселеси, ошол эле мезгилде ысырапчылык жагдайында да эмнелерди байкай алдыңар?  
  • Кадимки нан, суунун баркын мен бул мамлекетке барып билдим,сездим. Суу бизде текейден арзын . Ал жакта өтө кымбат. Бул жакта дасторкон толтуруп нанды тизип алып, анан анын үстүн дагы дүрдүйүм тамакка толтуруп, жеп жүргөн адам ал жакка барганда эң алдын тамактан кыйналары, айрыкча    нандан анан  чайдан  кыйналары турган иш. Үнөмдүүлүктүн арты да аларга алга жылуусуна өбөлгө түзүптүр. Алар эч качан  стол үстүнө ашыкча тамак коюшпайт. Кимдин табити кандай тамакты тартып турса, ошону гана алат. Нан да ченелүү, башка кошумча азыктар да ченелүү.  Айтайын дегеним курсак тоюндуруш үчүн, же той-аш өткөрүү үчүн чоң ысырапкерчиликке барып жаткандыгыбыз   бизди эч убакта байытпайт, өндүрбөйт да, өнүктүрбөйт да экен. Өз кесибиме байланыштуу кыска аралыкка болсо да (эки жума) алыскы Түркия жергесине болгон сапарым мени көп нерсеге үйрөткөндөй да болду, алган таасирлерим да кыйла убактарга сакталып калчу жан дүйнө азыгым болду.

 

  • Ал жакка барууда экономика тармагы башкы орунда турду дебедиңби, демек, жакынкы аралыкта ЖМТРК каналынан экономика темасын чагылдырган жаңы программа көрүп калабыз деген үмүт артып турсак болчудайбы?
  • Албетте ой бар. Максат да койдум. Аны ишке ашырууга  аракет жасалат. Бизде чынында экономика тармагын жазган журналисттер чектелүү гана. Ал тармак оор жана ал тактыкты талап кылат. Андыктан бул жагын да эске алуу менен, ойдогу нерсени алып чыгууга кадамдар жасалат деген тилек бар.

 

  • “Жан дүйнө азыгы” деп, калдың, ал азыкка дагы кандай кошумча таасирлерди кошо аласың?
  • Түрдүү   келбеттеги, укмуштудай салынып жаткан курулуштар , тазалык, кооздук, сулуулук,  ийкемдүүлүк биз көргөн Түркия таасирлерин жаратты. Бизде да сонун мүмкүнчүлүктөр , каражаттар бар. Болгону аны иштете албай жаткандыгыбыз. Эң биринчиси баягы эле иштейм дегендерди буттан тарта жыкканыбыз , көрө албастыгыбыз биздин душманыбыз экен. Бардык нерсени  үйрөнсөк, жаңыны жаратсак, ири-ири курулуштарды курсак, ондогон, жүздөгөн ишканаларды иштетсек болот. Бирок, андагы мүмкүнчүлүк адам баалуулуктарына  байланыштуу экендигине ынана алдым. Түркиянын аракети алдыңкы өнүккөн он мамлекеттин катарына кирүү. Ага болгон мүмкүнчүлүктөрү да  дайын, ишеними да терең. Анткени аларда өткөндү барктоо менен сабак алуу, келечекти көрө билгендерге көсөмдүктү ыйгара салган  бийиктик бириктирип турат. Биз качан бул мамлекеттей өнүгөбүз деген ой менен өз мекенибизге кайттык.  Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып  ЖМТРКнын башкы директору Союзбек Абдурасуловго ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. . Анткени, анын сунушу, колдоосу  жана  көмөгү менен  Түркия  жергесине саякаттап, көптү көрүп, билип келдим. Негизи, адам урпагынын жашоо маңызы көп жашаганында эмес, көптү көргөнүндө экендигине да тан бердим.
  •  
  • Кызыктуу маек үчүн ыраазычылык. Чыгармачыл сапарлар арбый берсин.

                 Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 3155
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47231
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43246
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47200
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16206
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52471
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22269