АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

21 - Июня  2018 | 6 : 369
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

 

Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп келген миграция кызматтары кайрадан иштеши керек.Бул тууралуу Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаардык координациялык кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды.

Координациялык кеңеште шаардагы мектептерде, жаштар жана ата-энелер арасында адам сатуу көйгөйлөрү улам күчөп баратканын жана бул көйгөй ар бир адамга, үй-бүлөгө байланыштуу болуп калышы ыктымалдыгын түшүндүрүү, жаштарды зордук зомбулуктардан сактап калуу боюнча алдын ала чараларды чогуу жүргүзүү жагы талкууланды. Биринчи кезекте мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында коомчулуктун, атайын адистердин, коомдук бирикмелер менен дин уюмдарынын, маалымат таркатуу кызматтарынын өкүлдөрү менен чогуу иш алып баруу, тийиштүү маалыматтарды элге туруктуу жана кеңири жеткирүү чараларын камсыз кылуу боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү бир пикирге келишти. Талкуу учурунда аймактарда мурда миграция кызматтары иштеп, эл арасында тийиштүү чараларды жүргүзүп келгени, кийин алар жоюлуп кетип, азыр бул милдетти конкреттүү бир дагы кызмат же кызмат адамы жүргүзбөй жатканы айтылды. Кала берсе, атуулдар миграция боюнча так маалыматтарды кимден, каерден алууну билишпейт. Ошондуктан, жогорку бийлик органдарына бул кызматты аймактарда кайра иштетүү талабын берүү сунушталды. Координациялык кеңештин мүчөлөрү быйылкы экинчи жарым жылдыктажүргүзүлүүчү иш-чаралардын планын талкуулашып, бир катар кошумча сунуш- пикирлер менен бекитишти. Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтому менен Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаардык координациялык кеңеши түзүлүп, анын жобосу жана курамы бекитилген.

Элиза АКЖОЛТОЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5259
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 760
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1456
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1966
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2574
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55140
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 49129