Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

21 - Июня  2018 | 6 : 19102
Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

 

Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен камсыздоодо бирдиктүү талаптар коюлуп, көзмөлгө алынууда.

Бүгүнкү  күндө 19 техникалык регламенттер, анын ичинен 11 жалан тамак-аш жана азык-түлүктөр, ал эми 8 техникалык регламенттер башка товарлар боюнча  аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүлүүдө . Ошондуктан азыркы учурда жогорудагы 5 мамлекеттин ортосунда чек ара жок эсептелинет. Мындан тышкары Бажы союзуна кирбеген сырттан Кытай, Өзбекстан, Таджикстан жана башка мамлекеттерден дагы азык-түлүк, тамак-аш жана башка товарлар сатууга алынып келинүүдө. Базарларда, соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн коопсуздугу боюнча тастыкталуучу документтери болуусу  (сертификат, декларация жана мамлекеттик каттоосу) талапка ылайык. Ар бир азык-түлүк, тамак-аш жана башка товарларды чыгаруучу өндүрүштүк  ишканасы бар жеке ишкерлер ишканаларыны мамлекеттик каттоодон өткөрүп, азык-түлүк, тамак-аш жана башка товарларына декларация  жана сертификат даярдашып, мамлекеттик уполномочундук органдарга каттоого туруусу зарыл. Өндүрүштө даярдалган азык-түлүк, тамак-аш жана башка товарларды даярдоодо, таңгактоого (упаковкалоого) колдонулган материалдар,ошондой эле тамак-азыктарына кошулган кошулмалар,араматизаторлор технологиялык заттар, Бажы союзунун техникалык регламенттерине ылайык белгиленет. Тамак-аш коопсуздугу боюнча 021/2011 техникалык регламенттин №10 жана №11 беренесине ылайык өндүрүүчү, иш-чараны иштеп чыгылышы, жайылтышы жана аны  колдоо процедурасы ХАССП тын принциптеринин негизинде жүргүргузүүсү талапка ылайык. Чыгарылган продукциянын сапатына   түздөн-түз жоопкерчилик өндурүүчүгө жүктөлөт. Анткени азык-түлүктү, тамак-ашты жана башка товарларды өндүрүүдөн баштап, сатылганга чейинки аралыктагы бардык процедураны жүргүзүү өндүрүүчүнүн түздөн-түз милдети болуп эсептелинет. Кардарлар керектүү азык-түлүктөрдү,тамак-аштарды жана башка товарларды сатып алууда анын сапатына, мөөнөтүнө, упаковкасына, маркировкасына, сактоо эрежелерине, ошондой эле сатуучулар тарабынан тейлөө учурларында өздүк жана жалпы гигиеналардын сакталышынын абалына көңүл буруулары абзел. Эгерде кооптуу азык-түлүк, тамак-аш жана башка товарлар менен байланышып жана пайдаланылган учурларда адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүсү анык. Алсак, уулануулар, жугуштуу ооруларды жугузуу, түрдүү соматикалык ооруларды пайда кылуу коркунучтары бар. Ошондуктан эгерде Сиз сатып алып жаткан азык-түлүк,тамак-аш жана башка товарлар боюнча кооптуулугуна күмөн санасаңыз кат түрүндө кайрылсаңыздар болот. Коопсуз азык-түлүк, тамак-аш жана башка товарларды пайдалануу ар бир адамдын ден соолугу үчүн камкордук көрүү болуп эсептелинет. Демек, ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда.

 

У.Н. Назирбекова, Жалал-Абад шаардык ооруларды                                    

алдын алуу жана мамлекеттик                                               

санитардык бөлүмдүн башчысы                                                                                                                        

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 326
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 3967
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52111
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3195
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 795
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1494
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 25130