Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып берүү”

27 - Июня  2018 | 9 : 31198
Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып берүү”

 

Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе болот.  Кылымдык тарыхты камтыган бул жайдын дарылык касиети күчтүү булактары, баткактары тууралуу эл арасында түркүн окуялар да айтылып жүрөт. Статистикалык маалыматтарга таянсак,  минералдык булактары жергиликтүү элге 10-кылымдан бери эле белгилүү. Курорттун суусунун химиялык анализи 1887-жылы эле алынган.  Ошол мезгилде адистер да дарылык касиети бар экенине ынанышып,  ванна жана лазерет салынган.  1990-жылдан тарта бул аймакка имарат салууга кадам ташталган. 1912-жылы атагы алыска кеткен  шаарды түптөөгө, дал ушул касиеттүү аймакка жол салууга өзүнүн эбегейсиз салымын кошкон Мурзакул болуш тарабынан Айып-Булакка имарат салынган. 1918-жылдары Советтик эл комиссариатынын курамына өтүп, элдик курорт статусу  берилген.  1926-1935-жылдары 150 орунду чакан үйлөр түшкөн, ошондой эле курорттун №1 корпусу курулган. Согуш мезгилинде курорттун корпустары аскердик госпитал катары пайдаланылган.  Дарылоочу негизги жайлары 1954-1968-жылдары курулган. 1972-жылы Жалал-Абад курорту Бүткүл дүйнөлүк курорт деген статуска ээ болгон. 1984-жылы дарылоо корпусунун жаңы имараты ири мейманкана комплекси түшкөн. Мына ушинтип акырындык менен заманбап имараттар түшүп келген. Бирок Эгемендүүлүктөн кийин бул курорт жакшы каралбай калган да учуру болду. Бирок, областтын брендине айланган жай тонолуп, талкаланып кеткен жок. Эс алуучулар азайды, план толбой, бир кезде дүркүрөгөн курорт дотацияга олтуруп калды.  Жеке кызыкчылыктын доору сүргөндүктөн,  эс алуучулардын акчалары казынага эмес капчыкка түшүп, киреше таба албаган жайлардын катарына да кирди.

Бирок, акыркы 5 жылда бул жайдагы абал таптакыр башкача өңүттө өзгөрдү. Кыш болобу, жаз болобу эс алуучулардын аягы тыйылбайт. Келген эс алуучулар арбын. 2-3 жыл алдын 17-18 процедура болсо, азыр процедуралар 50дөн ашты. Калың капчыкка жыра тартуу акырындык менен азайып баратат. Эс алуучулар үчүн көрүлгөн шарттары, жайды жакшыртууга жасалган кадамдар боюнча Жалал-Абад курортунун жетекчиси Максат Абышкаев менен баарлаштык.

 

-Максат мырза, алгач курортко келген эс алуучулардан баштасак. Жыл башынан бери курортко канча эс алуучу келди? Жыл аягына чейин канча эс алуучу келет деп боолгоп жатасыздар?

-Бизде эс алуучулар үчүн бардык шарттар бар. Биздин максат да эс алуучуларга жакшы шарт түзүп берүү, даба издеп келген жарандарга өзүбүздүн минералдуу баткактарыбыз, сууларыбыз менен дарылоо . Былтыркы жылы бизге келип эс алып кеткендердин саны 8 миңге барды. Ал эми быйылкы жылы эс алууга келгендердин саны арбыганын байкоого болот.  Жыл башынан бери  келген эс алуучулардын болжолдуу саны   4 миңге барат.  Быйылкы жылы 10 миңдей эс алуучу келет деп күтүп жатабыз.  Биздин киреше булагыбыз-дал ушул эс алуучулар да. Андыктан бизге келгендердин негизи көңүл борборунда болгон жатакананы, ашкананы жана даарылануучу корпустарды жакшыртуу үчүн болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз. Быйыл ашканабыз оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

-Негизинен сиздерге кайсыл оорулар менен кайрылгандар көп болууда?

-Бизде дарылоодо минералдуу суу жана баткак  пайдаланылат. Бул жердин ылайлуу талаасы 2 гектар жер аянтын ээлейт, тереңдиги 12 метрге жетет. Составы боюнча дүйнөдө сейрек кездешүүчү баткак болуп эсептелет. Бул же тигил оорулуулар көп келет деп айта албайбыз, анткени эс алуу үчүн келгендер арбын.  Ички органдары, гнекологиялык, урологиялык, муун оорулары менен келгендер арбын. Дартына дабаа таап, жакшы болуп кетсе биз ошого кубанабыз.  Мен билгенден 50-60 жылдан бери жылына бир жолудан эс алуу үчүн келип жүргөндөр да бар.

-Союз мезгилиндеги коттедждер  иштетилбей, талкаланып жатканы да айтылып келет. Бул жаатта кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

-Мындан 2-3 жыл мурун келген эс алуучуларга жатакананын бардыгы гана маанилүү болчу. Ал эми азыр эс алуучулардын талаптары өзгөргөн. Жатаканада жуунуучу жай, телевизор, муздаткыч жана ажаткана  болушу керек деген талапты көбүрөөк коюп калышты. Кардарлардын талабын аткаруу үчүн колдон келген күчүбүздү жумшап жатабыз. Сиз айтып жаткан Союз мезгилиндеги коттеждерди четинен оңдоп жатабыз. Былтыркы жылы 3 үйдү оңдодук. Азыр ал жайга да эс алуучуларды жайгаштырып жатабыз. Быйылкы жылы дагы экөөнү пайдаланууга беребиз деп жатабыз.   Ушул котедж сымал үйлөрдүн биринде бир үй бүлө 20 жылдан бери жашайт. Курорттун балансында экенине карабастан бошотуп бербей жатат. Аргасыз сотко кайрылууга мажбур болдук, соттошуп жатабыз. Аны алуу үчүн кайрылган дообуз Жогорку сотто каралууда.

-Ички коррупция өнүккөн деген кептер дале эл арасында бар. Сиз жетекчи катары канчалык каршы күрөшө алдыңыз? Тейлөөчүлөрдүн орой мамилелери да жөнгө салынуудабы?

-Туура, бир мезгилде бул жайда коррупциялык схема өнүккөн экен, ошол үчүн да дотацияга түшүп калган. Эс алуучулардан түшкөн каражатты мамлекеттин казынасына  эмес жеке чөнтөккө түшкөн  абалды колдоп, бөгөт коюу кадамына жолтоо болуп, атайылап чуу уюштурган кызматкерлер да болгон. Өз кызыкчылыктарын өйдө койгондор акырындык менен жумуштан кетишти, айрымдары калды. Ички коррупция таптакыр жок дебейм, бирок, бир топ эле азайды. Акырындык менен мамлекеттин казынасын толтуруу кадамы жанданып, азыр баары өз нугуна түшүп калды. 2012-жылга чейин курорт мекемесинин жылдык акча айлануусу 27 миллион сомго чейин гана чыгып,  таза киреше аз сумманы түзүп келген. Азыр жылдык акча айлануусу  80-90 миллион сомго чыкты. Былтыркы жылы 15 миллион сом таза киреше менен чыктык. Мурда 17 процедура болсо, азыр 50дөн ашты. Шүгүр азыр Жалал-Абад курорту алдыңкы курорттордун катарына кирди. Кызматкерлер маяналарын өз учурунда алып жатат. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн атайын видео көзөмөлдөрдү койгонбуз. Мындан кызматкерлери эмне жумуш аткарып жатканын көрүүгө болот. Касса да көзөмөлдө турат.

-Негизи сиздер келген эс алуучулар үчүн берген ылай, суулар норма менен берилеби? Мисалы бир эс алуу үчүн нормада канча өлчөм менен бекитилет? Айтайын дегеним кошумча ылай суранса сөзсүз акча сурашары айтылып келет.

-Ар биринин өз нормасы бар. Минералдуу ылай үчүн акча сураганын өзүм деле угуп жүрөм, далил жок. Ал нерсени оңой менен моюнга да алышпайт. Негизи врачтын жазган нормасы жетиштүү, ага карабастан эс алуучулар ашыкча сүрткүсү келишет экен да. Анан акырын “Кел мобул 20-30 сомду алып кошуп берчи” деп түртүп, бере салышып, өздөрү да себепкер болуп калышууда.  

-Эс алуучулар сиздерге башка жолдомо менен эле келип эс алып жаткан учур да жок эмес. Бул жагдайга эмне дейсиз?

-Туура айтасыз, башка жолдомо менен келгендер бар, жок дей албайбыз. Эми жолдомону  профсоюздан алынат да. Мекемеден бекер жолдомо алып аны таанышына же эже сиңдисине берип коёт. Жолдомо менен келген айрым эс алуучулар люкска жатат элем деп тополоң салган учур да болгон.  Негизи ызы-чуу да ушундай жагдайдан орун алат. Ошондуктан биз кайсыл эс алуучуга берилсе өзү эс алуусу керектигине аракет жасап жатабыз. Азыркы биздин талап боюнча жолдомо менен эс алуучунун аты жөнү дал келиш керек. Бул өтө катуу көзөмөлдө.  Жылына 4 миңдей эс алуучу жолдомо менен келишет.  Жолдомо алдымбы баары акысыз болуш керек деп ойлогондор бар. Эс алуучулар да төлөнгөн акчасына жараша кызмат көрсөтүлөөрүн эске алып коюшса дээр элем. 

-Областты өткөн жыйында аксакалдарды акысыз эс алдыруу маселеси да каралды эле. Анда өзүңүз да бул жаатта көмөк көрсөтө турганыңызды айткансыз. Жеңилдетүүлөр барбы?

-Ооба,  биз аксакалдардын  эс алып кетүүсүнө шарт түзгөнбүз. Жылына 200дөй адам акысыз эс алып жаткан. Бирок быйылкы жылы бизге келген текшерүүчүлөр биздин бул кадамды туура эместигин айтышты.  Улууларга шарт түзөбүз деп өзүбүзгө сөз тийип калды, себеби мыйзамга туура келбейт экен.

-Туз шахтысын да ишке киргиздиңиздер эле. Иштеп жатабы?

-Бизде туз шахтысы жок үчүн Ысык-Көлгө, Кочкорго барышчу. 3 жыл мурун биз да туз шахтысын иштетип, эс алуучулардын санын арбыттык. Бронхит, асма ооруларынан жапа чеккендерге жакшы шарт түзүлдү.

-Заманбап жатакана салуу планыңыздарда бар экенин да буга чейин айткан элеңиз...  

-Негизги планыбыз да заман талабына жооп берген жатаканаларды көбөйтүү болуп эсептелет. Буга чейин 100 орундуу заманбап жатакана курууну пландап, долбоорун сыздырганбыз. Деген менен бул аракеттин баары каражат дегенге келип такалууда. Жатакананы куруу үчүн миллиондогон каражат керектелет, Азырынча биздин мекеме өз каражатына андай имарат сала албайт. Ошондуктан Союз учурундагы коттеждерди оңдоого аракет жасап жатабыз. Буйруса заманбап имарат салынат. Ал үчүн убакыт жана каражат керек болот.

-Бир мезгилде курорттун балансына кирген  жайыттарыңыздарды кайтарып  алуу аракети көрүлүп жатканын айткан жайыңыз бар.  Дал ушул курорт канча гектар аймакты ээлейт?

-Биздин  кубанганыбыз талашып тартышып жүрүп Жалал-Абад курортунун кызыл китебин жасатып алдык. Жүрөк өйүгөн нерсе Курорттун жалпы аянты 68 гектар болгон болсо 38 гектарына кызыл китеп жасаттык. Ар ким ар жеринен кесип олтуруп курорттун аянтты азайып кетиптир, айылдар кирип кеткен. Таш-Булактагы суу тосмо анын айланасындагы 1 гектар жер да бизге карайт. Негедир Таш-Булак айыл аймагы бизге өткөрүп бергиси келбей жатат.  Жеке кызыкчылыктан улам берилип кеткен жерлерди кайтарып алуу боюнча соттошууларга чейин барып жатабыз. Биздин негизги максаттын курорттун жерин кайтарып алуу гана болуп жатат. 600 гектар жайыт жерибизди кайтарып алууга жете элекпиз. Себеби кызыл китеп алуу, тактоо иштери менен эле көбүрөөк убара тартып калдык. Булактар үчүн госкомгеологиядан 30 жылга лицензия алдык. Ушул сыяктуу иштер да жүрүп жатат.

-Мекемедеги ызы-чуулар басылдыбы?

-Ооба, ал нерсе басылды. Иш болгон жерге кызыкдар тарап көп болот экен. Бул чууларга Раиса Атамбаеванын аралашуусу да өз таасирин берди. 12 миллион сомду  жеп алышкан деген куруу доомат кептер айтылган болчу. Бирок, бул боюнча өз далилдерибизди келтирдик.  Азыр баары жайында, иш өз нугуна түшкөн.

Маектешкен Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35245
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47372
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43380
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47285
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16292
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52565
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22377