CАЯСАТ

Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып, чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн жумушчу топтору ишин улантып жатканын билдирди: - Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча документ...

12 - Декабря  2017 | 10 : 331
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин билдирди. «Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине сиздер баарыңыздар күбө болдуңуздар. Бул үчүн биз казак тарапка ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок маселе ушундай көйгөйлөр жаралышы керек...

26 - Октября  2017 | 4 : 5783
Депутат айым менен жолугушуу

Депутат айым менен жолугушуу

           Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жалал-Абад областындагы  активист айымдар менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүк майрамынын жана Курман айттын алдындагы мындай кездешүү  кызыктуу баарлашуу маанайында жүрдү. Кыргыз парламентинде туруктуу позицияга ээ жана  орчундуу маселени көтөрө билген, элдин көйгөйүн чечүүгө бар күчүн үрөп жаткан ...

7 - Сентября  2017 | 5 : 34262
Кыргызстан жана Өзбекстан: ѳз ара алаканын жаңы мейкиндиктери

Кыргызстан жана Өзбекстан: ѳз ара алаканын жаңы мейкиндиктери

Кыргызстан жана Өзбекстан: ѳз ара алаканын жаңы мейкиндиктери Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара мамилесинде чечилбеген чек ара маселелери менен байланышкан талаш-тартыштар жана карама-каршылыктар узак убакыттан бери орун алып келген. Ушунун айынан эки мамлекет ортосунда бир нече ирет тирешүүлөр болуп, чекара тилкелерине аскерлер жайгаштырылып, чек аралар жабылып, анклавдар менен...

7 - Сентября  2017 | 6 : 0258
Жалал-Абад мэриясы жер саткан эмес

Жалал-Абад мэриясы жер саткан эмес

    Же жок жерден ызы-чуу салуунун артында эмне бар?   Акыркы кездерде Жогорку Кеңештин трибунасынан айрым депутаттар Жалал-Абад шаарындагы 1 гектар жер тууралуу маселени кайра козгошуп, жергиликтүү бийликтерди жоопко тартуу жагын көтөрүп чыгышууда. Бул маселе мурда бир жолу көтөрүлүп, бирок кийин өз актуалдуулугун жоготкон болчу. Анын кайрадан көтөрүлуп жатышы, албетте, саясий...

12 - Мая  2017 | 5 : 17702
Өкүл  Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынан келген...

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынан келген...

                                       КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облустунун губернаторунун орун басары Сыйар Кален уулун жана Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусунун Улуучат оодандык Ак-Тоо районунун акиминин орун басары Янг Жонгныны  кабыл алды. Бул...

22 - Марта  2017 | 5 : 20454
Санарипке өтүү программасынын алкагында

Санарипке өтүү программасынын алкагында

  Бүгүн өлкө алдында турган эң маанилүү, эң актуалдуу маселелерден болуп жаткан аналогдук телеберүүдөн санариптик телеберүүгө өтүү алкагында атайын иш мерчемдерге ылайык КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын маалыматтык-технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, РПО МТР ААКнын өкүлдөрү жер-жерде жолугушуу иш чараларын өткөрүшүүдө.    Иш чара областыбызда алгач Токтогул райондук...

16 - Марта  2017 | 5 : 7520
Максим Бакиев менен ата мекенчилердин жылуу мамилеси

Максим Бакиев менен ата мекенчилердин жылуу мамилеси

        «Белизгейт» чатагы учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан убагы. Элибиз бакиевдердин режими менен катуу күрөшүп, көкүрөктөрүн окко тосуп атып, үй-бүлөлүк, авторитардык режимди кулатып, «эми Бакиевдерден жана анын айлана-чөйрөсүнөн кутулдук го» деп турган чакта учурдагы бакыйган үч депутат, мурда түрдүү мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп келишкен саясатчыларыбыз (Өмүрбек...

10 - Февраля  2017 | 10 : 43777
“2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы ”

“2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы ”

  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 5-январда, “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.   Жарлыктын тексти:   “Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар эле жаңы сыноолорду пайда кылды. Бул шартта өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн...

6 - Января  2017 | 8 : 351515
Компания – үйсүздөргө жан тартат

Компания – үйсүздөргө жан тартат

                                  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын” Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Эгемназаров  Өкмөттүн өткөн жылдын июль айындагы токтому менен түзүлгөн ушул МИКтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Өлкөбүздүн жарандарынын турак-жайга өтө муктаждыгы, ипотекалык насыялоо боюнча акча...

16 - Декабря  2016 | 11 : 191122
Жалал-Абадда партияларга берилүүчү мандатка божомолдоолор

Жалал-Абадда партияларга берилүүчү мандатка божомолдоолор

Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодо 5 партия 7 пайыздык чектен өттү. Тактап айтканда, КСДП партиясы 5587 (30,19), “Өнүгүү-Прогресс”-4451 (24,29), “Кыргызстан”-2396 (14,6), “Ата-Журт”- 2396 (13,07), “Республика-Ата-Журт”-1680 (9,16) добуш алып, чектен ашкан. Мына ушул берилген добуштар боюнча алдын ала эсептөөлөргө караганда КСДП - 11, “Өнүгүү - Прогресс”-8, “Кыргызстан”-5, “Ата-Журт”-4, “Республика-Ата-Журт”-3 мандатка ээ...

14 - Декабря  2016 | 7 : 43522
Премьер-министр долбоорлор менен таанышты

Премьер-министр долбоорлор менен таанышты

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн бейшембиде, областыбызга келип кетти. Ал бул жолку кыдыруусунда Базар-Коргон, Ноокен райондорунда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдалануу менен айыл чарба жана билим берүү тармагында  ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүнөн кабар алды.  Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай ал Ноокен районунун Бүргөндү айылындагы...

9 - Декабря  2016 | 12 : 24902