Жаңылыктар

Б.Осмоновдун ысмы Бабаш-Ата тоосуна коюлат

Б.Осмоновдун ысмы Бабаш-Ата тоосуна коюлат

Кыргыз элинин даңктуу уулдарынын бири, легандарлуу кыргыз парламентинин депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер, маркум Бекмамат Осмоновдун ысмы Арстанбап  тоо кыркаларына канатташ жайгашкан Бабаш-Ата тоосунун бир  участкасына ыйгарылат. Бул тууралуу маркумдун бир тууган иниси Акылбек Осмонов билдирди. Анын айтуусунда “бул маселе Базар-Коргон райондук депутаттарынын кошмо кеңешинде каралып, жактырылган. Ошондой эле...

6 - Сентября  2016 | 16 : 0381
Аялдардын активдүүлүгү – коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө

Аялдардын активдүүлүгү – коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө

Кыргызстан аялдардын демократиялык тармагы тарабынан Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун активдүү кыз-келиндеринин катышуусунда “Кыз-келиндердин коомдук турмуштагы активдүүлүгүн көтөрүү” аталышында тегерек стол өттү. Аталган уюмдун  жетекчиси Гүлжан Бабетованын айтымында мындай  тегерек столдорду уюштуруудагы башкы максат  элет жериндеги кыз-келиндердин активдүүлүгүн жогорулатуу,...

6 - Сентября  2016 | 16 : 5599
Карыя пенсия албайт.

Карыя пенсия албайт.

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын аксакал тургуну Жакбарали Жалалов азыр 83 жашта. Бирок, ал ушул кезге дейре пенсияга чыга элек. Анын өзүнүн айтымында ал 90 жашка чыкканда гана пенсияга чыгууну максат кылып жүрөт. Анын мындай сапатына Ош шаары менен Ноокен районунан келген туугандары жана алардын жакындары да таң калышты. Карыя өзү менен бир үйдө жашаган уул-кыздарынын тапкан каражатына жашап келүүдө. Ал 32 жыл бою...

6 - Сентября  2016 | 16 : 8211
Сыйлыктын жана сыймыктын ээлери

Сыйлыктын жана сыймыктын ээлери

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн “Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыктары менен  сыйлоо” жөнүндө Жарлыкка кол койду. Мына ошол Жарлыкка...

1 - Сентября  2016 | 13 : 421245
Ноокендин Курулуш айылында эгемендүүлүк күнү белгиленди.

Ноокендин Курулуш айылында эгемендүүлүк күнү белгиленди.

Ноокен районундагы Курулуш айылындагы Т. Орозматов атындагы орто мектептин короосунда республиканын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленди. Ага райондун Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл-кыштактарда жашаган жарандардын өкүлдөрү катышты. Аларды эгемендүүлүк күнү менен айыл өкмөттүн башчысынын орунбасары Ш. Андарбеков, айыл-кыштактардын башчылары куттукташты. Анда аталган айыл өкмөттө өткөрүлүп...

1 - Сентября  2016 | 13 : 44588
Арстанбапта эс алуучулар үчүн жагымдуу жагдай түзүлдү.

Арстанбапта эс алуучулар үчүн жагымдуу жагдай түзүлдү.

Базар-Коргон районундагы туристтик "Арстанбап" базасында август айында жакшы шарт түзүлдү. Анткени, бул турбазада 300 адамга эсептелген орун жайдан тышкары турбазанын айланасында жүздөгөн адамдар үчүн чарпая, ашканалардан эс алуу орундары иштеди. Каалоочулар үчүн салкын жердеги чарпаялардан тышкары түрлүү оюн-зооктор уюштурулуп, бассейн иштеп, карусель, темир жолдо жүрүүчү оюнчук автомашиналар,...

1 - Сентября  2016 | 13 : 46422
Чыгармачыл топ Көчмөндөр оюнуна жөнөп кетти

Чыгармачыл топ Көчмөндөр оюнуна жөнөп кетти

   Жалал-Абад областтык Барпы атындагы театрдын жана областтык Тыныбеков атындагы филармониянын чыгармачыл жамаатынан түзүлүп,   32 чыгармачыл  жаштардан турган топ бүгүн Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна жөнөп кетишти.  Аларга КРнын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева  өзүнүн каалоо-тилегин айтып, узатты. - Урматуу катышуучулар сиздер Кыргызстандын тарыхында  калуучу...

26 - Августа  2016 | 17 : 58628
Мыктылар аталды

Мыктылар аталды

  Мугалимдердин областтык август кеңешмесинде областтагы билим берүү тармагынын учурдагы абалы, ийгиликтер жана кемчиликтер, алдыда аткарыла турган иш аракеттер туралуу сөз болду. КРнын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Ж.Эгамбердиева, КРнын билим берүү жана илим министринин орун басары А.Муратов, куттуктоо сөздөрүн айтышып, эл агартуу тармагында  иштеп жаткан  мугалимдердин түйшүктүү, оор ишине...

26 - Августа  2016 | 18 : 142222
Жөлөк пул даректүү болуусу керек

Жөлөк пул даректүү болуусу керек

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакыт Анаркуловдун жетекчяилиги менен  областтагы район-шаарлардын жетекчилеринин орун басарлары, социалдык өнүгүү тармагынын кызматкерлери жана айыл өкмөттөрдүн жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда онлайн түрүндө жыйын өттү. Анда  үч маселе күн тартибине коюлуп, «Калкты жөлөк пул менен камсыздоонун даректүүлүгүн...

24 - Августа  2016 | 14 : 25515
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАДДА КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

  2016-жылга карата жарандык коргонуунун даярдык планынын негизинде Жалал-Абад шаарынын  мэринин буйругу кабыл алынып, анын негизинде 2016-жылдын 23-24-август күндөрү Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматтары менен командалык штабдык машыгуу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Исхар Апиев билдирди.   Анын айтымында,...

24 - Августа  2016 | 14 : 31476
Облус жетекчиси Жалал-Абад-Балыкчы альтернативалуу жолдун курулушун...

Облус жетекчиси Жалал-Абад-Балыкчы альтернативалуу жолдун курулушун...

         Акыркы жылдагы стратегиялык ири курулуштардын катарын толуктаган , Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы каттамды жакшыртуу багытындагы Жалал-Абад-Балыкчы альтернативалуу жолунун курулушу менен КРнын  Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева областтык жол башкармалыгынын жетекчилиги жана Сузак районунун акими менен биргеликте таанышып...

19 - Августа  2016 | 13 : 351209
“Кызматташуу - 2016” аталыштагы аскердик жөө жүрүш

“Кызматташуу - 2016” аталыштагы аскердик жөө жүрүш

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай, Жалал-Абад ОИИБнин демилгеси, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги астында “Кызматташуу - 2016” аталыштагы аскердик жөө жүрүш болуп өттү. Ага Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдор катышты.  Өлкөнүн бүтүндүгү үчүн чеп болгон күч түзүмдөрүнүн, фискалдык...

18 - Августа  2016 | 13 : 221521