АНАЛИТИКА

МЕНИН ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨМДҮН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА!

МЕНИН ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨМДҮН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА!

                    Элдин, мамлекеттин мүлкүн каалагандай талап-тоноп, кылмыш иштерине чырмалган кишилер тарабынан мени жана менин балдарымды өлтүрүү, менин үй-бүлөмө каргашалуу зыян алып келүү аракеттери болуп жатат. Мен – 1986-жылы 2-апрелде туулган Бабаев Дилмурад Алдашбековичти жана менин үй-бүлөмдү ушул коркунучтан сактап калууңуздарды суранамын!...

12 - Января  2018 | 5 : 18792
САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

    Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча легендага айланган Ибрагим Узаковдун бир тууган агасы Кадыралы Узаковду азыр айылдаштары өз атынан чакырышпай “Сапар Исаковдун аяш атасы” деп калышкан. Жашы жетимиштен эчак ашкан бул аксакал азыр Сузак районунун Кара-Дарыя айылында жашайт. Бир кезде партиялык-советтик кызматтарды аркалаган...

8 - Января  2018 | 10 : 19355
ЖашСтан долбоору  лидердик сапатты  жогорулатууну көздөйт

ЖашСтан долбоору лидердик сапатты жогорулатууну көздөйт

    10-13 – ноябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Социалдык жана бизнес долбоорлорду түзүү» боюнча  жаштар үчүн 3 күндүк семинар болуп өттү. Семинарда балдар «Жашоо жөндөмдөрү» туралуу билим ала алышты.  Андан сырткары  резюме, коштоо кат, баарлашуу сыяктуу темаларды Искендер Субанкулов, Нургүл Караева, Икбол Исаков, Алия Суранова жана Разия Ормонова сыяктуу тренерлер жаштарга түшүндүрүп...

18 - Декабря  2017 | 7 : 25761
“Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоор жаштар...

“Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоор жаштар...

            Журналистика – кесип. Анткени, аны аркалаган адам белгилүү убакыт бою иштейт. Мына ошондуктан коомго маалымат таркатууда журналистердин орду опол тоодой чоң десек жаңылышпайбыз. Азыркы учурда дүйнө журналистикадан сырткары жашай албайт, тарых андан алыс кетпейт. Жаштарга терең билим берүүгө, алардын интеллектисин өстүрүүгө талбай аракеттер көрүлүп жатат. Жалал-Абад областынын...

14 - Декабря  2017 | 10 : 31470
“Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу”

“Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу”

  Сирияда бийликке каршы акциялардын арты жаңжалга айланып,  жарандык согуштун тутануусуна себепкер болгон эле. Андагы аймакта жүрүп жаткан жарандык согуштун оту өчпөй жатканына  быйыл туура алты жыл толду.  Бул аралыкта нечендеген күнөөсүз балдардын, энелердин өмүрү кыйылды. Миңдеген жашоочулар мекенин таштап, баш калкалаганы башка мамлекетке кетүүгө аргасыз болду. Дал ошол Сирия менен Ирактагы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 26288
Демилгелүү жаштар көп

Демилгелүү жаштар көп

  Келечек муунга ишеним менен караган мамлекетте жаштарга көңүл бөлүү, алардын демилгелерин колдоо кадамдары жаман эмес. Дилгир, иш билги, билимдүү  жаштар колдоп кубаттоого арзып,  ишеним  менен  жетекчилик, жооптуу  кызматтарга дайындалууда.  Чет мамлекетке окуп келүүгө дилгир жаштарга да мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.  Жер-жерлерде да жаштардын үнү унутта калган жок. Деги эле жаштардын коомго аралашуусу...

10 - Ноября  2017 | 9 : 32294
Боштондук үчүн курмандыктар-эч качан унутулбайт

Боштондук үчүн курмандыктар-эч качан унутулбайт

    1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто Азияда колониялык саясат жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарына ылайык милдеттүү болгон. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган...

8 - Ноября  2017 | 9 : 0355
Эне баланын саламаттыгы, ак халатчандардын кош көңүлдүүлүгү

Эне баланын саламаттыгы, ак халатчандардын кош көңүлдүүлүгү

    Быйылкы жылдын 9 айында эле төрөттөн улам 9 энени жоготуп алдык...  Ошол эле тапта  акыркы жылдары аялдарды операция жолу менен төрөтүү өсүп жатат. Бул үчүн ак халатчандардын кызыкчылыгы да бар экени Гипократтын антын алгандар  арасында деле ачыкталды. Дагы бир көңүл буруучу жагдай,  ВИЧ илдетине чалдыккан энелерден жарыкка келчү наристесин таза төрөтүү аракети көрүлүп жаткан менен учурунда  бул...

8 - Ноября  2017 | 9 : 32315
Коомчулукту катыштыруу менен жайыттарды туруктуу башкаруу

Коомчулукту катыштыруу менен жайыттарды туруктуу башкаруу

         Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда малдын саны жыл санап өсүү менен бирге жайыттардын тартыштыгы байкалып, жыл өткөн сайын деградацияга учураган жайыттардын аянты көбөйүп жатканы кадыресе көйгөйгө айланды. Жайыттар такырланып, тап-такыр керектен чыгып калуу коркунучу жайыт пайдалануучуларды түйшөлткөн маселе болду. Бул көйгөй Базар-Коргон районундагы токой чарбалардын жайыттарын да кыйгап...

2 - Ноября  2017 | 9 : 18375
Көрсөткүчтөр көңүлгө толот, бирок, көңүлдөгүдөй иштебегендер да бар...

Көрсөткүчтөр көңүлгө толот, бирок, көңүлдөгүдөй иштебегендер да бар...

  Быйылкы жылдын 9 айында Жалал-Абад дубаны капиталга инвестицияларды тартуу жагында гана планга жетпей калбаса, башка тармактык көрсөткүчтөрдөн алга жылуулар болгону областтык коллегияда маалым болду. Социалдык-экономикалык абалдын  көрсөткүчтөрү көтөрүлгөн мындагы  коллегияда   район-шаарларда алга жылуулар болбосо,  жетекчилерге катуу чара көрүлөрү боюнча  айтылып келген эскертүүлөрдүн,...

27 - Октября  2017 | 10 : 32220
Төрагынын дубанга жасаган сапары

Төрагынын дубанга жасаган сапары

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков  эки күндүк иш сапары менен болду. Анда бир катар соцобьектилерди болду,  өзгөчө жер көчкүдөн жабыркагандарга акчалай колдоо көрсөтүп кетти. Төрагынын дубанга жасаган сапары Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылындагы  авариялык абалдагы Т. Казатов орто мектебинин абалын көрүүдөн...

9 - Октября  2017 | 5 : 29314
Инвестициянын көлөмү өсүүдө

Инвестициянын көлөмү өсүүдө

      Быйылкы жылы сегиз айдын ичинде Жалал-Абад шаарына тартылып келинген жалпы инвестициянын көлөмү өткөн 2016-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 165,6 пайызга өскөн. Мында негизинен тышкы инвестицияны тартуу жагынан ири өзгөрүүлөр бар. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы сегиз ай ичинде шаарга сырттан 1 миллион сом гана...

19 - Сентября  2017 | 12 : 34343