Сөөгү багажниктен табылган 21 жаштагы жигиттин өлүмүнө 54 миң сом себеп болгон

1370

Ноокат районунун Көк-Жар айылында киши колдуу болгон баланын өлүмүнүн чоо-жайын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар айтып берди.

Маалыматка караганда, буга чейин жаш жигиттер ортосунда пикир келишпестиктер болуп келген. Окуя болгон күнү балдар Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы «Ака-Үка» чайханасында карта ойношуп, каза болгон жигит 54 миң сомго карыз болуп калган. Ошол жерде мушташа кетишип, жигит жип менен муунтуп өлтүрүп салышкан. Кылмышкерлер сөөктү 2 күн багажникке жашырып жүрүп, 3 күн дегенде чайхананын астына сөөгү салынган унааны токтотуп коюшкан.

Маркумдун туугандары маркумду издеп баштаганда, милиция кызматкерлерине кылмышкерлер унааны чайхананын алдында көрүшкөнүн айтып, телефон чалышкан.

24-майда жигиттин өлүмүнө шектелип 20 жаштагы жана 17 жаштагы эки жигит кармалып, кылганын мойнуна алышкан. Кылмышкерлер 2 айга СИЗОго киргизилген. Сот иши 2 айдан кийин каралары маалымдалды.

“Бир үйдүн жалгыз уулу болгон маркумдун ата-энеси миграцияда болгондуктан чоң ата, чоң энеси менен чогу жашачу. Учурда баланын туугандары соттун калыс чечим чыгарып берүүсүн талап кылып жатышат. Ал эми кылмышкерлер Кыргызстанга келген өзбек улутундагы жарандар болгон. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн туугандары убактылуу айылдан көчүрүлдү”, – деп билдирди Көк-Жар айылынын жашоочусу.

Булак: Argument.kg