Кыргыз өлкөсүнүн калкын каттоого 320 миллион сомдон ашык каражат жумшалат

97

Кыргызстандын калкын каттоого 320 миллион сомдон ашык каражат сарпталат. Бул тууралуу Статистикалык каттоо бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында өткөрүү пландаштырылып жаткан Кыргызстандын калкынын каттоосуна 321 миллион сом суралган.

“Акчанын 90 пайызы эл каттоонун катышуучуларынын эмгек акысына кетет. Алардын саны 25 миң адамды түзөт. Ар бирине болжол менен 7 миң сом төлөнөт», – деди ал.