Аялда эмне өчүң бар ? Саясий тирешүүгө аял затын аралаштыруу качан калат ?

394

Айгүл Жапарова тууралуу ушакты окуп ойлондум: биз, кыргыздар эмнеге ушунчалык ылдыйладык? Эгеменди колго алгандан баштап эдиреңдеп каршылаштарды, саясий пикир, көз караш келишпегендерди аялзатын пайдалануу менен сындырууга өттүк. Кайсы бир саясий ишмерди элге жаман көрсөтүүнү аялдарды аралаштыруу аркылуу жасамай биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин да андай ыпылас жоруктардын далайын көрдүк. Эми кезек биринчи айымга жетиптир. Аны жасагандар Садыр Жапаровдун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасап жаткан чечкиндүү аракетине нааразы болгондор экени белгилүү иш эмеспи. Коррупция менен күрөшүү, чет өлкөлүк компаниянын “Кумтөрдөгү” чалагайым иштерин соңуна чыгаруу ж.б. көп аракеттер өзүбүздөн эле чыккан чыккынчылардын Жапаровго тиш кайроосуна алып келди. Саясий көз карашың башкача болуп жатабы, бийликтин кылганы сенин кызыкчылыгыңа туура келбей калдыбы – каршылык көрсөтүүнүн башка жолун тап! Аялда эмне өчүң бар?! Абийирдүү аялга жалган жалаа жабуу менен табаарың эмне?! Чынында, ойлонбосок болбой калды. Деңгээлибиз болуп көрбөгөндөй төмөн түштү. Калпты чындай айтып, он адамды ишендирсе ошондон ырахат алгандар көбөйдү. Ак жеринен каралап коюу текей терүүдөн оңой болуп калды. Жашоо бумеранг экенин унутуп бараткандайбыз. Ушактын сапары кыска, а чындык эртеби-кечпи ачыкка чыгаарын унутпасак.

Булак:Саясат.кж