Instagram көпчүлүк күткөн функцияны ишке киргизди

159

Ал арада жаңы опцияны жактырбагандар да чыгууда. Анткени бул алардын популярдуу контенттерди аңдуусуна жол бербейт.

Instagram тиркемеси лентадагы постторго басылган лайктарды жашыра турган масштабдуу функцияны ишке киргизди. Бул тууралуу “Известия” маалымат булагы жазды.

Жөндөө (настройки) функциясына кирип, “Купуялык” (конфиденциальность) жана “Басылмаларды” (публикация) тандап, саамалык менен таанышууга болот. Эми колдонуучулар постторунун астындагы лайк эсептегичти жашырууну же башкалардын постторуна басылган лайктардын санын жашырууну өзүлөрү тандай алышат.

Instagram тармагынын белгилешинче, көптөгөн юзерлер социалдык басымдан арылуу максатында аталган функцияны киргизүүнү өтүнүшкөн. Муну менен катар айрым колдонуучулар лайк эсептегичтердин жашырылышына тескери көз карашын билдиришкен. Анткени бул көрүнүш алардын популярдуу контенттерди аңдуусуна жол бербейт.

Sputnik.kg