Кыргыз тарап чек араны жабып,тажиктер мөмө-жемишин саталбай калды

1124

Социалдык тармактарда тажикстандык делген жарандын аудиожазуусу тарады. Анда дыйкандардын түшүмү өтө арзан баада сатылып жатканы айтылат:

“Жол жабык. Анделек 3 сом. Менден сурасаңыз. Кыргыз жолун жаап таштаган. Бардык нерсе жатат. Пияз 30 дирам. 3 сомго 10 кг пияз аласыз. Өткөн жылы кулпунай 10-12 сом эле, азыр 5 сомго дагы кулпунай бар”.

https://www.instagram.com/p/CPYrChLn_93/?utm_medium=copy_link
Эске сала кетсек, Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” киргизилген.

“Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, – деди Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Фейсбуктагы” баракчасында.

Erkindik.media