Абдиманап Шайдуллаев: Жеңиш Разаков жарандарды коркутуп, бул жер Тажикстандын жери деген кагазга кол койдурган…

1863

– Абдиманап ага, Тажикстан оор беренелер менен издөө салган Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов Россиядан кармалыптыр. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн экен. Үйү өрттөлгөнү аз келгенсип, Тажикстандын оор кылмыштары менен да айыпталып жатыптыр. Мажитов Кыргызстанда туруп, кандайча Тажикстандын оор беренелери менен айыпталып жатат?

– Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен талаштуу аймагында турат. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин ал үй жергиликтүү элдин колдоосу менен жана Камчыбек Ташиевдин жардамы менен калыбына келген.

Негизи Эсенбай Мажитов эч кандай кылмыш кылбаса да, талаштуу жерде жашаганы үчүн жана Жеңиш Раззаковдун коркутканына карабай бул жер Тажикстандын жери деген кагазына кол койбогону үчүн Тажикстандын оор беренелери менен айыпталып, эл аралык издөө жарыяланып, камакка алынып жатат. Чынында Эсенбай эч кандай кылмыш кылган деле эмес.

Айтмакчы, Тажикстан чек арага чектеш жашаган бир канча кыргыз жарандарына түрдүү айыптарды коюп, оор беренелер менен иш козгоп, эл аралык издөө жарыялатып койгон деп укканбыз. Эсенбай камакка алынганы биз уккан маалымат чын экен деген жыйынтыкка келип жатабыз.

– Жеңиш Раззаков бул жер Тажикстандын жери деп кол кой деген кагазга элдин баары эле кол койду беле?

– Алардын “ормон опузасынан” корккондор кол койгон. Коркпогондор кол койбой койгон. Кол койбогондор Тажикстандын оор беренелери менен айыпталып, минтип ак жеринен камакка алынып отурат. Бийлик кийлигишип, өз жараныбызды сактап калышы керек. Тажикстанга экстрадициялатпаш керек. Ал оор берене менен айыпталгыдай кылмыш деле кылган эмес. Болгону, Раззаковдун айтканына көнбөй койгону үчүн айыпталып, башына балээ үйүлүп жатканын түшүнүп, арачы түшүп өз жараныбызды сактап калышыбыз керек.

Булак:Саясат.кж