Жабыркаган элге жардам берүүдө эске алынбаган жагдайлар

41

Бүгүнкү күндө Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан талкаланган, өрттөлгөн үйлөрдү, социалдык обьекттерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бирок курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты начар. Ошол эле учурда жөнөтүлүп жаткан жардам жергиликтүүлөрдүн баарына эле жете бербейт. Айрыкча калктын дары-дармек, кийим-кечеге болгон муктаждыгы толук чечилбей турат. Кыскасы, жабыр тарткан айылдарда жасалган иштер, жергиликтүүлөргө түзүлгөн шарт талапка туура келбейт. Бул тууралуу Баткендеги элден кабар алуу, жардамдардын жетип жатканын жеринен көрүү, монитринг жүргүзүү үчүн түзүлгөн ыктыярчы топ бүгүнкү жыйында билдирди. Мындан башка да бир катар көйгөйлөрдү өздөрү көрүп келишкен.

Ыктыярчы топтун координатору, юрист Гүлгаакы Мамасалиеванын айтымында, азык-түлүк ар кайсы аймактан жөнөтүлгөнү менен элдин муктаждыгы толук чечилген эмес. Айрыкча, эт таңсык. Жарандар макарон, күрүч жана ун сыяктуу азыктар менен жан сактоодо. Ошол эле учурда гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жеткирүү механизми начар иштейт. Айталы, жардамды бөлүштүрүү пункту элди телефон же WhatsApp аркылуу чакырат. Чалган же жазган маалда дароо байкагандар жардам алат да, кечиккендерге жетпей калган учурлар болот.

Ыктярчы топтун чыгарган бүтүмүнө көз чаптырсак, сөз болуп жаткан аймакта санитардык абал да оор. Алсак, бир чатырда 10-15 адам жашайт. Таң калыштуусу, чек ара жаңжалында жабыркагандардан эч ким коронавируска каршы вакцина ала элек.

«Жабыркагандар коронавируска каршы вакцинаны толук ала элек. Өкмөттүн 4-майдагы токтомуна ылайык, вакцинаны биринчи кезекте Баткен окуясында жабыркагандар алышы керек болчу. Бирок элден сураштырсак, эмдөөдөн өтө элекпиз деп жооп беришти. Бул тез арада жасалышы керек нерсе. Себеби 200 үй-бүлө болсо, балким ал жерде 400-500 адам бар».

Окуяга 1 ай болсо да, бийлик өкүлдөрү дагы деле алардын мүлкү кантип калыбына келтириле турганын айта элек. Мамасалиева элдин жарабай мүлкүн баалоонун кандай ыкмалары колдонулганы жана орду кандайча толтурулары жөнүндө маалымат ала алган эмес.

Мындан сырткары, эң маанилүү маселе — Баткенде салынып жаткан турак үйлөр. Алар финдик типтеги турак жайлар болгондуктан, жеңил конструкциядан салынып, сапаты жакшы эмес. Коопсуздук талаптарына да толугу менен жооп бербейт.

«Үйлөрдүн аянты 123 чарчы метрди түзөт. Ал эми пайдубалы — 25 см. Бир үй эки жумада эле курулат. Ушул жеңил конструкциядагы үйлөрдү Түркиянын Өкмөтү куруп жатат. Турак үйлөрдүн жыгачтын таарындысынан жана пластик материалдан салынып жатканы — экологиялык жактан кооптуу. Себеби аба өткөрбөйт. Ошондой эле алар өрткө жана селдин жүрүшүнө туруштук бере албайт. Элдин баары нааразы болуп жатат».

Ал эми мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү Айсулу Айтбаева Баткендеги жылгыз бой энелердин жана майып балдары бар үй-бүлөлөрдүн жагдайларына токтолду. Анын айтымында, ал жерде майыптар менен жаш балдар көп. Бирок аларга түзүлгөн шарттар жокко эсе. Мындай «өзгөчө адамдарга» керектүү дары-дармек маселеси чечилген эмес.

Ошол эле учурда окуучулар окуудан өксүп калган. Себеби алардын компьютерлери, телефондору өрттөлүп, жаңы алганга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ал эми бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайга тапшырууда жеңилдиктер берилери айтылган.

«Баткенде жалгыз бой энелерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө аябай кыйын болуп жатат. Алар үзгүлтүксүз иче турган кымбат дары-дармектер жок. Жаңжал учурунда үйлөр менен кошо балдардын дарылары, телефондору, компьютерлери күйүп кеткен. Ошондуктан бул маселени чечүү керек. Бүтүрүүчүлөрдү университеттерге кабыл алууда жеңилдиктер каралат деп убада кылышкан, бирок азырынча дагы деле маалымат берише элек».

Ал эми, Тажикстан менен чектеш жерде жайгашкан, байма-бай чыр-чатак болгон айылдарда жашагандардын 30%ы ал жактан көчүп кетип, тынч жерде жашоону каалашат. Бул тууралуу ыктыярчы топтун мүчөсү Нуржайна Октяброва билдирди.

«Менин жеке байкоолорум боюнча, кагылышуу болгон аймактын жашоочуларынын болжол менен 30% ы кооптуу аймактардан көчүп кетүүгө бел байлашкан. Себеби алар бул аймакта жашагылары келбейт.

Ошондой эле алар бизге үйлөрдү калыбына келтиргенден көрө, акчасын эле берип коюшса жакшы болмок деп айтышты. Бирок алар бул жөнүндө ачык айта алышпайт».

Октяброва азыр убактылуу чатырда жашап жаткан элге даараткана курулуп берилбегенин да кошумчалады. Чоң чатырларда топтошуп жашаганы үчүн бул көйгөй олуттуу каралышы керектигин белгилейт.

«Мисалы, биз Орто-Боз лагеринде болгонбуз, ал жерде чоң чатырларда 18 үй-бүлө укташкан. Экологиялык дааратканалары жок болчу, керек болсо кайда барышарын билишпейт. Экологиялык дааратканаларды орнотуп коюшса болмок да. Эмне деген кайдыгер мамиле?»

Айтылган жагдайларды экинчи тараптан да тактоо максатында Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин өкүлүнө кайрылганыбызда, ал түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров чек ара чатагында жабыркаган айылдардын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн окуу жайга тапшыруусунда бир катар жеңилдиктер берилерин маалымдады.

«Бул министрлик тарабынан каралып жатат. Анын негизинде Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарынын бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүлөт. Биринчи механизм: алар үчүн босого балл төмөндөтүлөт. Экинчи механизм, аларга квота бөлүнөт. Чек арага чектеш айылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн квота мурдатан эле бар. 5 795 бюджеттик орун бар болсо, анын кыркка жакыны ошол аймактардан келгендерге берилет. Үчүнчүсү, «целевая подготовка» деген механизм. Анда айыл өкмөттөн жолдомо алып келгендерге жеңилдик каралган».

Ошондой эле, Өмүров баткендиктер үчүн босого баллды ылдыйлатуу ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин министрликтин буйругу менен бекитилерин маалымдады.

Эске салсак, 28-апрелден 1-майга чейин чек арада болгон чыр-чатактын натыйжасында кыргыз тараптан жүздөн ашуун адам жаракат алып, 36 адам каза болгон.

Ал эми жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект жана 5 башка мамлекеттик имарат өрттөлүп, талкаланган.

Азыркы учурда айылдарда убактылуу үйлөр, чатырлар тигилген. Электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Maralfm.kg