Кыргызстан авиакомпанияларга тажикстандыктарга билет сатууга тыюу салды

2606

Кыргызстанда авиакомпанияларга жана туристтик агенттиктерге тажик жарандарына авиабилет сатууга тыюу салынды.

Бул тууралуу Bilet.kgнин негиздөөчүсү, S7 авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Айдар Окенов билдиргенин «Tazabek» жазды.
Анын айтымында, мындай билдирүү почта аркылуу Кыргызстандын бардык авиакомпанияларына жана туристтик агенттиктерге жөнөтүлүүдө.

Vesti.kg сайты Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы менен байланышышканын жана алар авиакомпанияларга жана туристтик агенттиктерге ушундай билдирүүлөрдү таратып жатканы жөнүндө маалыматты тастыкташканын билдирди.
Белгилүү болгондой, почта билдирүүлөрүн жеткирүү Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги тарабынан жүргүзгөн. Бирок, билдирүү табиятынан кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ экени айтылды.

Анткени, Транспорт министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, Жарандык авиация агенттиги авиация жаатындагы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган катары жеке компанияга авиабилеттерди сатууга түздөн-түз тыюу салууга укугу жок.

Эскерте кетсек, 25-майда түнкүсүн Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен Кыргызстанга Дүйшөмбү шаарынан учуп келген тажикстандык жүргүнчүлөр киргизилбей, кайра келген учагында артка кайтарылган.

Себеби, 24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана чыгууга, өлкө ичинде жүрүүгө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ошондой эле, товарларды Кыргызстандын аймагы аркылуу ташып өтүүгө жана автоунаалардын бардык өткөрүү пункттарына кирүүсүнө чектөөлөр коюлган.