Бишкекте милиция кызматкери апийим сатып жаткан жеринен кармалды

585

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиционери борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media коопсуздук органдарынын кызматкерлерине таянып, билдирди.

Алардын айтымында, кечээ Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери Орок айылында баңгизаттарды сатуу менен алектенген адамды кармашкан. Денени текшерүү учурунда андан эки килограмм апийим табылган.

Шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милициясынын старшинасы болуп чыкты.

Erkindik.media