Тоңдо 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 3 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп беришти

163

Тоң районунун Ала-Баш айылындагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган классташтар айылындагы жалгыз бой энеге үй куруп, ачкычын тапшырды. Бул тууралуу 10 жылдык бүтүрүүчүлөр билдиришти.

«Мындай үй куруп берүү идеясы 5 жыл мурун эле келген. Мынтип быйыл 10 жылдыкта ишке ашып олтурат. Жалпы биз 12 балабыз. Айылдагы 3 баласы бар жалгыз бой энеге үй куруп берели деп чечтик. Себеби 2 баласы майып. Үйдүн материалдарын сатып алып курулушун жалаң өзүбүз бүтүрдүк. Арабызда уста балдар көп. Үйгө болжол менен 550 миң сом каражат кетти», – деди ал.

Turmush.kg