(Видео)Нарын ОИИБи: Социалдык тармактарда тараган видео боюнча маалымат…

243

Социалдык тармактарда “Кочкордо карыяны автоунаага салып алышып, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз”-деп коркутушуп видеого тарткан жарандар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Бул факты Кочкор РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, анын жыйынтыгы менен жакын арада кошумча маалымат берилет. Бул тууралу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ 29-майда социалдык тармактарда белгисиз жарандар карыяны машинага салып алып, мүрзөгө алып барып өлтүрүп, көмүп салабыз деп мазактап жаткан видеосу тараган.

 

ps://www.instagram.com/p/CPfUzKHM8PR/?utm_medium=copy_link

Коом.пресс