100 жаш: Кара-Көлдөгү Моймол апа 7 жыл карандай суу ичип дарыланган…

636

Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш айылынын жашы эң улуу тургуну Жуманалиева Моймол апа учурда 100 жашта. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Маалым болгондой, апа быйыл күздө 101 жашка чыгат. 2 баланын энеси. Союз кезинде мал чарбачылык менен алектенип, саанчы да болгон. Ден соолугу жакшы. Өзү басат. Бирөө же жакындары менен баарлашса да сөзү ордунда, акылы зирек.

Келини Айнура Байбекова апасы жаш кезинде кайнак сууну көп ичип дарыланганын айтып берди.

«Апам келин кезинде сарык болуп ооруп, бир тамырчыга көрүнөт. Ал 7 жыл карандай суу ичүү керектигин айтат. Суунун өзүн казанга кайнатып ичкен экен. Анан бир аз талкан, нан жеп койсо баягы табып «жакшы болом деп аракет кылсаң, анда карандай суу ич» деп урушуптур. Ошол сөздөн кийин кадимки сууну казанга куюп кайнатып, сапырып-сапырып эле 7 жыл ичкенин бизге айтып калат. Ошонун касиети азыр тийип жатса керек. Ошол сууну ичип, организми тазаланса керек деп ойлойм.

Апам «Суунун өзүн ичкенде 3 күн эле ачка болдум» деп айтып калат. Андан кийин көнүп калган экен. Адам баласы мындай сыноого да көнөрүн айтат. Жашында апам бээ саап, кымыз кылган. Таза табигый тамактарды жеп, сүт ичип, таза абада жашоо өткөргөн адам», – деди ал.

Ал эми Кара-Көл шаарындагы эң жаш баатыр эне 32 жашта. Ал шаардын тургуну — Карыпбай кызы Бактыгүл. Жолдошу экөө 5 кыз, 2 уулду чоңойтуп жатышат.

Turmush.kg