АКШда 32 жылдан кийин акталган жаранга компенсация төлөнүп берилет

113

АКШнын өмүр бою эркиндигинен ажыратылган жараны түрмөдө 32 жыл отургандан кийин акталды. Абакта бейкүнөө отурган ар бир жылы үчүн ага 50 миң доллардан компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Гилберт Ли Пул 1988-жылы адам өлтүрүүгө айыпталып кармалган. 1989-жылы сот 22 жаштагы Пулду өмүр бою эркинен ажыраткан. Сот мындай чечимди айыпталуучунун сүйлөшкөн кызынын жалган көрсөтмөсүнөн улам чыгарган. Мындан сырткары бир нече күбө Пулдун бычак көтөрүп, өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн айткан.
Бейкүнөө абакта отурган жаранды бошотуу аракети 10 жыл мурда башталып, Пулдун жактоочулары кайрадан ДНК анализин жасоого жетишишкен. Жыйынтыгында, кылмыш болгон жердеги кан тамчылары каза болгон адамга да, айыпталуучуга да тиешелүү эмес экени аныкталган.
Буга байланыштуу сот ушул жылдын 26-майында Гилберт Ли Пулду актоо чечимин чыгарган.
“Абакта отурган учурда атам, апам жана бир тууганым каза болду. Мени эркиндикке алып чыккан жактоочуларым менин жаңы үй-бүлөм болуп калды. Учурда акырындык менен жаңы жашоого көнүп жатам. Өмүрүмдө биринчи жолу уюлдук телефонду колума кармап көрдүм. Унаа айдагандан азырынча коркуп турам”, – деп билдирген Пул.
koom.press