“Кумтөрдөгү” калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын жатат…

264

“Кумтөрдөгү” калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын жатат. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, өкмөт калдык сактоочу жайдагы алтынды казып алуунун технологиясын изилдеп жатат.

“Компания берген маалымат боюнча, калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын жатат. Аны кайра иштетүүдө канча алтын өндүрүлөт жана сарптала турган каражатты эсептөө керек”,-деди ал.

Кутманова калдык сактоочу жайдын жыл сайын катмары калыңдашы, анын үстү жагындагы Петров көлүнүн жээги жакшы бекемделбегени кооптуу экенин айтты.

“Калдык сактоочу жайдын аянты 400 гектардын тегерегинде. Мунун өйдө жагында Петров көлү бар. Экөөнүн аралыгы 5 чакырым. Ошонун суусу ашып келсе бул жакты дароо жууп кетет”, — деди ал.

govori.tv