Унаада боздоп ыйлаган карыя тууралуу карындашы айтып берди

591

Буга чейин аксакалды унаага салып алып коркутуп жаткан жарандардын видеосу интернетке тараган. SUPER.KG порталына аталган карыянын бир тууганы Айнура Мамытова байланышып, видеону көрүп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты.

Ал видеону тарткан балдардын мындай кылыгы акылга сыйбас экенин билдирди.

“Бул аксакал киши менин бир тууган агам болот. Жашы 67де. Кичине кезинен бери экинчи топтогу майып. Кочкордун Жаңы-Жол айылында жашайт. Агамдын үй-бүлөсү жок. Бирок анын эч кимге зыяны жок болчу. Аны райондо баары тааныйт.

Окуя качан болгонун билбейбиз. Видеону биз эртең менен көрдүк. Агамды жолдо өткөн таксисттер салып алып жүрө берет. Анткени ал көп басат ары-бери. Бул видеону тарткандар тамаша кылышкан деп айтып жатышат. Адамды дагы ушунча тамашалайбы? Көрүп алып кан басымым көтөрүлдү. Ушу кантип болсун?

Бүгүн ал балдар кармалыптыр. Милициядан телефон чалып, агаң аялдарга уят жерин көрсөткөндөн алар балдарга коркутуп кой дегенинен улам ушул видео тартылган деп айтышты. Менин бир тууганымды баары билет, ал мындай иштерге дегеле барбайт. Мен милициядан акыйкаттыкты жана ишти туура териштирип берүүнү суранам”, – деди ал.
Argument.kg