Талас шаарынын мэрин шайлоодо интрига тутанып, башаламандык орун алууда…

2780

Талас шаарынын жергиликтүү кеңешине өткөн “Кыргызстан”, “Ыйман нуру”, “Республика” жана “Аманат” партиялары биригип коалиция түзүшүп, мэрликке биринчи орунду алган “Аманат” партиясынын лидери Анарбек Кушубековдун талапкерлигин жактырат. Анарбек Кушубеков мурда мэр болуп иштеп турганда бир топ шаардын көйгөйлүү маселелерин чечип, алгылыктуу иши менен элдин купулуна толгон. Шаардык кеңеш жыйынга чогулуп Анарбек Кушубековду мэрликке шайлайлы деп турганда президенттин кудасы жана Талас облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн кеңешчиси Керим Токонов менен ИИМ башчысы Улан Ниязбеков аралашып өткөрбөй коюшканбы? Алар, “Асыл Мурас” партиясынын өкүлү Аскар Шабдановду мэрлик кызматка сүрөп жатканы ачыкталабы? Ал гана эмес айрым шаардык кеңештин депутаттарын ар-кандай ыкмалар менен коркутуп, “шайлоодо биздин талапкерге добуш бересиңер” деп опузалап жатышабы? Мындай ыплас окуянын уланышынан улам Анарбек Кушубеков мэрликке ат салышуудан баш тартыптыр. Учурда Талас шаарынын мэрлигине Аскар Шабданов менен шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков ат салышканы турат. Шайлоодо бийликке таянган Шабданов утабы же байлыкка таянган Жусупбеков жеңеби көрө жатаарбыз. Бирок бул эки эрендин тең муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы аз, андан көрө тажрыйбалуу Кушубековдун келгени эле дурус.
Жогорудагы маалыматтарды тиешелүү органдар бир текшерип койбосо, абал чатак. Талас шаарынын эли дагы, депутаттары дагы бийлик төбөлдөрү алып келген талапкерди колдоодон баш тартышып жатканы эмнени каңкуулайт? Бирок, бийликтин күчү менен ал талапкер мэр болуп өтүп кетсе кандай болот деп баары кабатырланып жатканы айтылууда. Ушундай терс адаттан качан арылабыз, элдин эркине койсок кантет? Элге эмгеги сиңген адам мэр болуп шайланып келсе, натыйжалуу иш алып барса бийликтин күзгүсү болот да, туурабы?