Таксист уктап жатат деп ойлогон. Ошко баратып каза болгон кытай жаранынын окуясы

323

Факт боюнча Ош ШИИБге 3-июнга карган түнү Тез жардам кызматы маалымат берген. Маркум 44 жашта болгон. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.

Кытайлык жаран Бишкектен Ош шаарына такси менен бара жатып жолдо каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, таксинин айдоочусу кытайлык жаран кайсы жерде көз жумганын билген эмес. Ал жолоочуну уктап жатат деген ойдо унаасын айдап кете берген. Кардарынын каза болуп калганын таксист Оштогу мейманканалардын бирине жеткенде гана билген. Себеби жүргүнчү ойгонгон эмес.

Окуя боюнча Ош ШИИБге 3-июнга карган түнү Тез жардам кызматы маалымат берген. Маркум 44 жашта болгону айтылды. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мезгилсиз өлүм катары катталды. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Sputnik.kg