Алайда аскердик тик учак куладыбы? Расмий органдардын жообу

170

Бүгүн эртең менен Чоң-Алайга кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учуп кеткен.

Ош облусунун Алай районунун аймагында аскердик тик учак авариялык кырдаалдан улам конууга аргасыз болду. Маалыматты УКМК тастыктады.

Буга чейин айрым ЖМКлар тик учак кулап түшкөнү туурасында жазган. Бирок УКМК аны төгүндөп, авариялык кырдаалдан улам Алай районунун аймагына конгонун билдирди. Атайын кызматтын төрагасы анын ичинде болгон эмес.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматы бул факты боюнча тактап жатканын айтты.

Ал эми укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы Алай тоолорунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө таандык тик учак кулап түшкөнүн айтууда. Тик учак Чоң-Алай районун көздөй бараткан. Анын ичинде учкучтар менен кошо жалпы 15 адам болгон. Төрт жаран денесинен жеңил жаракат алган, оор абалдагылар жок.

Алайдын акими Каныбек Апбасов райондун аймагында авиакырсык катталбаганын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Чоң-Алайда кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учуп кеткен. Учурда ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат.

Sputnik.kg