Тажик тарап такталбаган жерге ээ болууга аракет кылып жатат…

183

УКМК төрагасы чек ара маселелери буга чейин чечилбей келгендигин айтып, эми ага чекит коюу убагы келгенине токтолду.

Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасынын 1100 гектар жери тактала элек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев район эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев чек ара маселелери буга чейин чечилбей келгендигин айтып, эми ага чекит коюу убагы келгенине токтолду.

“Унжу-Булактагы тактала элек 1100 гектар жер, алардын (Тажикстан — ред.) 1924 жана 1989-жылдагы картасы боюнча баары өтүп кеткен. Бирок биз аны тааныбай, бул жер биздин жер, тактала элек жер деп жатабыз. Ал эми такталган аймакка пост койгонбуз, андан ары жагы менен алардын постунун бери жагы тактала элек жер. Бирок акыркы учурда алар тактала элек аймакка кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатат. Бүгүн да ошондой болду”, — деди Ташиев.