Чоң-Алайдын 5 айылынын эли эвакуацияланып баштады.

351

Эл коопсуз аймакка көчүрүлүп, облус башчынын тапшырмасы менен гуманитардык жардам уюштуруу иштери да жүрүүдө.

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, эвакуация иштери 4-июнь күнү саат 19:30 чамасында башталган.

“Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы ӨКМ менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүп жатат. Мындан тышкары облус башчысынын тапшырмасы менен гуманитардык жардам уюштуруу иштери жүрүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

ӨКМдин маалымат кызматы айыл тургундары Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, борбордук мечиттин имаратына эвакуацияланып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.

Sputnik.kg