ВИДЕО- Итти унаасы менен сүйрөгөн шектүү кармалып, окуянын чоо-жайын айтты

578

Социалдык тармактарда айдоочу итти унаага байлап, сүйрөп кеткен видео таркатылып жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Эркиндик Медиага бул факты КЖБРдин каттоосунда Кылмыш-жаза кодексинин “Жаныбарларга ырайымсыздык көрсөтүү” беренеси боюнча катталгандыгын билдиришти.

«Милиция айдоочунун өздүгүн тактады. Ал Сузак районунун тургуну, 32 жаштагы К.Т. болуп чыкты. Анын айтымында, 3-июнда Бишкек-Ош унаа жолунда бара жатып, суусу бар лотокто жолдун четинде өлүп калган итти көргөн. Жаныбардын сөөгү жыттангандыктан, ал итти машинага байлап, таштанды төгүүчү жайга алып барууну чечкен», – деп түшүндүрүштү милициядан.

erkindik.media