УКМК: Баткенде аскерге жаңы барган чек арачы өз жанын кыйды

23

18 жаштагы уландын өзүн-өзү атканы кабарланды. Ал ушул жылы жазында аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткенде чек ара отрядынын катардагы аскер кызматкери, 18 жаштагы М.Д. өз жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

“Окуя кечээ, 4-июнда болгон. Жоокер өзүн-өзү атып салган. Ал ушул жылы жазында аскерге кызмат өтөөгө чакырылган”, — деп айтылган мааалыматта.

Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Жакында эле Баткен облусунун Паскы-Арык айылында куралды этиятсыз колдонгон бир чек арачы, андан кийин экинчи аскер көз жумган.

Sutnik.kg