Чылымды таштаган кишинин организми кантип өзгөрөт?

573

Адис тамекини таштаган адамдын организминде акырындык менен өзгөрүүлөр болорун айтты. Мисалы, бир нече жылдан кийин ракка кабылуу тобокелдиги дагы азаят.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Адам чылымды таштаган соң бир нече мүнөттөн кийин эле организмде жакшы жакка өзгөрүүлөр байкала баштайт. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Олег Салагайга шилтеме берип РИА Новости жазды.
“Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, адам чылымды таштаары менен эле алгачкы мүнөттөрдө организмде оңолуу башталат. Бир жылдан кийин жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдиги 50 пайызга азаят. Ал эми беш жылдан кийин тамак жана ооз көңдөйүнүн рагына кабылуу коркунучу дагы 50 пайызга төмөндөйт”, — деди адис.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери, пульмонолог Анара Калиева чылым чегүү бир нече жылдан кийин кандай илдеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтып берген.

Sputnik.kg