МӨҢГҮЛӨРДҮ САКТАП КАЛУУГА АЗЫР ДА КЕЧ ЭМЕС

1836

Азыркы бийликтин Кумтөр боюнча кадамын кош колдоп колдой турган иш болууда. Буга чейин канадалыктар биздин аткаминерлердин, президенттердин сырын билип алып, каалашынча пайдаланып келишкенин фактылар менен далилдеп, далайыбыздын көзүбүздү ачты. Эми алардын коркутуп, үркүткөнүнө да карабай эл аралык сотко чоң даярдык менен барып, утуп алышыбыз керек. Албетте, алар утулуп калбаш үчүн болгон күчүн жумшайт. Бирок бизде дагы азыр алар менен теңтайлаша турган кудурет, дух бар. Мурунку жетекчилерде дух жок болгондуктан минтип эч кимиси баш көтөрө алган эмес.
Кыргызстан Эл аралык экономикалык хартиянын мүчөсү. Ошол жакта кайсы мамлекетте кандай гана инвестор болбосун территориясында экономикалык, чарбачылык иш жүргүзгөн ишкана ошол жердин элине, экологиясына, ден соолугуна зыян келтире турган болсо улутташтырып алганга акысы бар деп жазылган. Демек, биз Кумтөрдүн тийгизген зыянын тастыктап берип, улутташтырып алсак болот. Ал үчүн мыкты даярдык керек. Андан акча аябай мен деген юристтерди, экологдорду, тийиштүү эксперттерди жалдайлык.
Давыдов жана Лысыйдан 178 миллион кубометр муз талкаланыптыр. Башка мамлекеттер ичээрге таза суу таппай жатса, биз алтындан баалуу байлыгыбызды өз колубуз менен талкалатып салдык. Бул эки мөңгүнү эми биз эч качан кайра калыбына келтире албайбыз, бирок аны акырына чейин талкалап салганча сактап калууга азыр да кеч эмес.