(Фото) Депутаттын үйүнөн таңгакталган долларлар жана баңгизаттар табылды

162

Тажикстан – Кыргызстан – Өзбекстан маршруту боюнча баңгизат ташыган уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Такталгандай, уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу – Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты О.М.Б. баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өткөрүп турган.
Ал 7-июнда Кадамжай шаарында баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Баңгизаттар Өзбекстанга алынып кетмек.
Ошондой эле О.М.Б.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, үйүнөн 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 ок атуучу курал (уруксат кагазы жок), 232 миң доллар, 42 млн 299 миң 500 сум (өзбек валютасы) жана 106 миң сом акча табылды.

ул факт боюнча Жазык кодексинин 297-беренеси менен жалпы 3 адам: О.М.Б., О.К.М. жана О.К.А. кармалып, Баткен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен бул ишке катыштыгы бар адамдарды издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg