АКШ сотунун Кыргызстандагы “Кумтөр” менен иши болбосун!

353

АКШнын мамдепартаментинин идеологиялык рупору болгон “Азаттык” үналгысы “Кумтөр” боюнча чет элдиктердин таламын талашкансып, алар жакка ыктагансып, ошолордун сөзүн сүйлөгөнсүдөй, адатынча. Көп билгизбей иш кылсак дейт, бирок билинип калып атат. Ошол “Азаттыкка” чыккан материалга таянсак, АКШдагы банкроттуулук боюнча сот 8-июнда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларынын өтүнүчүн канааттандырып, Нью-Йорктун Түштүк округуна караштуу судьясы Лиза Бекермандын чечимине ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартууга, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга тыюу салынат экен. Ошондой эле кендин ишине байланыштуу контракттарды токтотууга же өзгөртүүгө да болбойт. Бул чектөө бардык жеке адамдарга жана чет өлкөлүк же жергиликтүү өкмөттүк мекемелерге да тиешелүү, деп чечим чыгарып коюптур Нью-Йорктун соту.

Эми бул жакта суроо жаралат: Нью-Йорк кайда дагы, Кыргызстан кайда. Эмне үчүн биз булардын чечимине баш ийишибиз керек, булар бизди башкарганда ким эле?
Канаданын соту десек да жарашмак, бирок алардын да сотторунун чечимине биз баш ийгидей алар ким? Эл аралык арбитраждык сот болсо да бир жөн. Бул жагы түшүнүксүз жана биздин буларга баш ийүүбүз абдан күмөн. Тажрыйбалуу адвокаттар түшүндүрүп бериши керек.

Бирок Нью-Йорктогу сотто кыргыз өкмөтү жалдаган юридикалык компаниянын адвокаттары Кумтөр алтын кенине тыштан башкаруу киргизүү чечими мыйзамдуу болгонун айтып, бул соттук териштирүүгө каршы арызданууну көздөп жаткан экен. Демек, Нью-Йорктогу чечимге Кыргызстан баш ийбеши керек жана бул сыяктуу далай көрүнүштөр менен күрөшүүгө даяр болушу керек.