“Кумтөр” эмгек миграциясы маселесин ырааты менен чечүүдө

159

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун айылдарында ишке ашчу долбоорго ылайык, 60 жаңы орун түзүлүп, ондогон үй-бүлөлөр үчүн эмгек миграция маселеси чечилди.
Ошондой эле кыска мөөнөттүн ичинде аймакта 100дөн ашуун жумушчу орун түзүлүп, “Кумтөр” компаниясы бул долбоорго 8,2 млн сомдон ашык грант бөлүп берген.
Долбоордун алкагында тигүүчү цехин кеңейтип алган жетекчиси Эльмира Исмаилованын айтымында, азыр анын астында 10 кызматкер эмгектенет. Көбүнчөсү мекенине кайтып келген эмгек мигранттары. Эми алар чет өлкөгө чыгып, тиричилик кылуу түйшүгүн тартышпайт.
Цех күнүнө 100 даана трикотаж футболкаларын өндүрөт жана булар Россиядагы белгилүү бренддин тапшырыгы менен тигилет.
“Кумтөрдүн” жардамы менен Эльмира Исмаилова өндүрүштүн кубаттуулугун чоңойтуп, кошумча жумушчу орундарды түзө алды. “Кумтөр” атайын машиналар менен жабдыктарды алып берди, өзүм эч качан ала алмак эмесмин. Мунун аркасы менен ишибиз кеңейип, ишканада иштегендер туруктуу айлык алышат”, – деп билдирди Исмаилова.
Техниканы сатып алуу үчүн гранттан тышкары “Кумтөр” компаниясы бизнесмендерге окууларды уюштурду жана бизнес-консультант бекитип берди.