Эдуард Кубатов 3 жылда “Кумтөрдөн” 639 965 доллар пайда көргөн…

55

Эверест чокусунун бийиктигин багындырган Эдурад Кубатов, “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп, ири суммадагы киреше тапкан. Бул тууралуу жарандык активист Адиль Турдукулов жазып чыкты.

“Эверест чокусун багындырган Эдурад Кубатов “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп туруп, 3 жыл ичинде 639 965 доллар пайда көргөн. “Жерүй” боюнча дагы өзүнчө эсептеш керек, патриот!”,-дейт активист.

Белгилей кетсек, Эдурад Кубатов, бир катар кылмыштарга айыпталып камакка алынган, 2020-жылдын 6-октябрынан кийин качып кеткен Сапар Исаковдун жакын досу катары дагы белгилүү.

Эверест чокусун багындырган экинчи кыргызстандык.

koom.press