Айсулуудан дагы бир алтын. Балбандын Польшадагы финалдык кармашы.

15

ейрек финалда жана жарым финалда Айсулуу Тыныбекова россиялык эки балбан менен кармашып, экөөнү тең артка калтырган.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында каршылашын 7:1 эсеби менен жеңип, алтын тагынды.
Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен кармашып, утуп алган.
Чейрек финалда кыргызстандык балбан россиялык Любовь Овчарова менен кез келген. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти адегенде 10:8ге өзгөрткөн. Көп өтпөй атаандашынын далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Жарым финалда дагы бир россиялык балбан Светлана Липатова менен чыгып, 3:1 эсебинде уткан. Бул жеңиш менен кыргыздын балбан кызы финалга чыкты.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал россиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону жеңген.
Дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда эстониялык Эпп Мэйге жеңишти алдырып койду. Эми коло байге үчүн Лондон Олимпиадасынын чемпиону, россиялык балбан Наталья Воробьева менен кармашат.
Мелдеш ушул күндөрү Варшава шаарында өтүп жатат. Эртең Нураида Анаркулова (59 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгышат.

Дагы: https://sputnik.kg