Абылгазиев “түкүрүк премьер” катары тарыхта калды

163

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз мамлекетинин тарыхында эң алсыз, мажирө премьер катары эсте калган. Абылгазиевди келечек муун чечкинсиз, өз көз карашы жок, өлкөгө пайда келтирбеген “түкүрүк өкмөт башчысы” – деп таанып билишет. Буга өзүнүн иштин көзүн билбеген эт эмес же чел эместиги менен коомду иренжитип койгондугу себеп болгон. Эмне үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоодо жалтактап жүргөн? Эгер ага иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбей жатса, “тойдум байдын кызына” – деп туруп басып кетпейт беле. Мына эми камакта олтурат. Эми жок дегенде Абылгазиев абакта чыдап отура туруусу керек. Соодалашып кетсе биротоло саясат айдыңынан жок болоорун жакшы билсе керек.