“Финишке аз калды”….

415

Кумтөр алтын кенинин айланасында орун алган талашып-тартышуулардын орун алганына бир топ жыл болду. “Элге өтсүн, эл үчүн иштесин ” деп жан үрөп элге жан тарткан аткаминерлерди кол менен санап алууга болот. Ал эми жең ичинен “пара” алып чет элдик ишкерлерге көмүскө “поддержка кылган чоңдорубуз оголе көп. Алардын кимдер экендиги деле калың журтка белгилүү болуп калды. Мына ошолорго окшогон элдин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон элдушмандарынын айынан эчен жылга жете турган мөңгүлөрүбүздөн айрылдык,табиятыбыз булганды, ишканада иштеген бир канча жарандарыбыз өз өмүрлөрү менен кош айтышты. Тилекке каршы бизде мыйзам иштебегендигине байланыштуу, чоңдорубуздун миллиондор менен оозу майланып калганынан уламбы айтор,канадалык жетекчилер жасаган туура эмес иштерине жооп берген эмес.
Садыр Жапаров чындык деп жүрүп чыркырап эмне гана оор күндү башынан кечирген жок. Үстүбүздө баарын көрүп-билип туруучу жараткандын керемети менен 30 жыл шорлогон элиңдин жашоосун оңдо деди көрүнөт эл башчылыкка келди. Келген соң мурдагы эл башчылардай өзгөрүп кетпей, качанкы бир кезде берген убадасын аткарып ажыдаардын уюгуна айланган Кумтөрдү мамлекетке өткөрүүгө белсенди. Бул үчүн албетте күжүрмөндүк, айтканына кайтпагана көк жалдын мүнөзү жана не деген эрк керек эле. Садыр Жапаров жогорудагы сапаттарга ээ болгондуктан артка кылчайбастан алдыга кадам таштады. Канчалаган тоскоолдуктарга карабастан канадалык ишкерлер менен куралсыз жана үнсүз согуш жүргүзүп жатат. Билбегенге бул бир иш,билгенге менен алдында чоң иш жасалууда. Аз калды, финишке жетип Кумтөрдү өзүбүзгө өткөрүп алууга аз калды. Азаматсыз ажо мырза !