Маматалиев таптаган “Ынтымак” партиясын аламан алдында жалындуу колдоо байкалууда…

456

Бишкекте шаардык кеңешке боло турчу шайлоо жакындаган сайын саясатчылар дагы, эл дагы жанданып баштады. Айрыкча шаар тургундары “бул ирет акыл калчап тандоо жүргүзөбүз” дегени жакшы жышаан катары бааланууда. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, элдин дагы көзү ачылып бүттү. Буга чейин бардык шайлоолордо жалаң капчыктууларга азгырылып, аларды шайлап келишсе, эми алардан майнап чыкпаганына ынанып, “бул жолу өлкөнүн келечегин акча менен эмес, акыл менен тандап, билимдүү, иш билги лидерлер баштаган партияларга добуш беребиз” деп айтып жатышканы кубантууда. Албетте, аламан жарышта күчтүү саяпкердин тулпары маарага биринчи болуп келет эмеспи. Шайлоодо башкы саяпкер – эл, демек, карапайым калк өз келечегин өзү татыктуу тандап алаары турган иш.

Ал эми бүгүнкү күндө шаардык кеңешке шайлоо жакындаган сайын саясаттын казаны кайнап, шайлоонун шаңы башталып кетти. Учурда калк арасында “Ынтымак” саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиевдин ысымы байма-бай айтылып, төгөрөгү төп келген жаш саясатчы катары бааланууда. Калк арасында анын депутат катары, кайрымдуу инсан катары аткарган иштерине саресеп салынып, “ушундай мекенчил, иш билги инсан баштаган партияны колдойбуз” деген кептер кызуу жүрүп жатат. Ооба, демилгелүү сергек жаш саясатчы Марлен Маматалиевди колдоого неге болбосун? Маматалиев инсан катары да, эл өкүлү катары да өзүн мыкты деңгээлде көрсөтө алды. Аламан алдында жалындуу колдоо байкалууда. “Калк айтса калп айтпайт” демекчи, эл кимдин ким экенин таразалап, татыктуу лидерге жөн жерден токтолуп жатпаса керек да, туурабы? Көпчүлүк да кимдин ким экенин түшүнүп калды…

Булак:ЧЫНДЫК