Кыргызстан бирөөнүкүн эмес, өзүнө таандык байлыкты кайтаргысы келет

122

Садыр Жапаров парламенттин бийик трибунасынан Кумтөр боюнча чындыкты айтып келгени, туура ой жүгүртүп, бүтүндөй Кыргызстандын таламын талашып келгенин тарых тастыктап отурат бүгүн. 
Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарындагы токтомдордо  Кумтөр долбоору кылмыштуу, элге каршы, өлкө кызыкчылыгына каршы багытталган жана коррупциялашкан деп табылганы менен, эч нерсе өзгөрбөй келген эле. 
Анткени канадалыктар акчанын күчү менен, чексиз каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен биздин саясатчыларды, эксперттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын, жада калса КТРК, ЭлТР сыяктуу мамлекеттик телеканалдарды сатып алып коюшкан.
Мындай алып караганда, чет элдик компания биздин алтын кенибизден түшкөн акчага коомдук пикирди бурмалап, Кыргызстанга каршы багыттап, иштеп келген.
Ошондуктан Кумтөр Кыргызстандын жаратылышына орду толгус экологиялык зыян келтиргени, бул долбоордон бюджетке Келишимдерде пландалган, жазылган акчалардан аз түшүп жатканы айтылбай, айтылса да чара көрүлбөй, жашырылып, ачыкталбай бул күнгө жеттик. Болбосо жырткычтык келишимди тогуз жыл мурда  эле Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын жыйынтыгын эске алуу менен эле кайрадан карап чыгышыбыз керек эле. Андай болгон жок. 
Азыр да кеч эмес, кыргызстандыктар тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнү каалап турган кез. Эң чоң көйгөй – алар алтынды жер астынан казгысы келбейт, мөңгүнү талкалап, аны оңой жол менен казып келгендигинде. Биз учурда алардан экологиялык зыяндын ордун толтуруу талабын катуу коюп жатабыз. 
Биз бул компаниянын мындан аркы саясатын толугу менен аныктап алышыбыз керек. Мамлекет башчыбыздын саясий эрки, чечкиндүүлүгүнүн арты менен Кумтөрдун алтыны кыргыз элине пайда алып келиши керек.
Биз Кыргызстанга таандык болгон нерсени – кенди жана бизге тиешелүү алтынды кайтарып алышыбыз керек.

Бул президент, өкмөт, парламенттен гана эмес, жалпы коомдун биримдигинен көз каранды. Бул үчүн жалпы коомдун жалпы түшүнүгү жана биримдиги керек. Ушундай жол менен гана биздин мамлекет канадалык жырткычтарга туруштук бере алат. 
Дүйнөдө ири деп саналаган Кумтөр кенин иштетүүнү тажрыйбалуу, таза иштеген операторго, эл аралык кадыр-баркы бар компанияга өткөрүп бергенибиз оң. Бирок мурдагыдай эмес, кыргыздын кызыкчылыгы тепселбеген шартта, кыргыз тарап койгон шартта алтын фабрика өз ишин уланта бермекчи.