Кыргызстандыктарга электр кубаты үчүн жаңы тариф сунушталууда

870

Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр энергиясы 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин 2,16 сом болуп калмакчы.

Электр кубатына жаңы тариф сунушталууда, ал эл үчүн бирдей баада — бир киловатт сааты 1,09 сом болмокчу.

Министрлер кабинетинин токтому “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору алардын сайтына коюлду. Анда баарын мурдагыдай калтыруу жана орто мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын наркына тарифтер менен акырындап жетүү каралган. Документте экинчи вариант ылайыктуу деп айтылган.

Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин ( өзгөчө шарт менен каралгандарды албаганда бардык абоненттер үчүн 700 киловатт саат) 2,16 сом болуп калмакчы.

Калк үчүн төмөнкү тарифтер сунушталууда:

Бийик тоолуу аймакта жана татаал шарттагы жерлерде жашагандар үчүн 700 киловатт сааттык (кышында 1000 киловатт саат) лимитти алып коюу жана бирдиктүү 1,09 сомдук тарифти киргизүү сунушталууда;
ал эми калгандар үчүн электр кубатын колдонуу нормасын (күз-кышта 1000 кВт-саатка чейин көбөйүшүн эсепке албаганда ) алып салуу. Мында тариф бир киловатт саатка 1,09 сомду түзөт;
Күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт сааттан ашып кетсе 2,52 сом болмокчу.

Эске салсак, 21-апрелде президент Садыр Жапаров электр кубатына болгон тарифти өзгөртүү демилгеси менен чыккан.

Жапаровдун сунушу:

аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.
Sputnik.kg