COVID-19дун жаңы толкундары эмне үчүн кайталана берери айтылды

178

Дарыгер вирус мутация болуп, түрүн өзгөртсө, ал эми адамдар сактануу эрежелерин бекем кармап, тиешелүү чараларды көрбөсө кайрадан эле элди каптап, жугуп, оорута берери шексиз экенин айтты.

Мутацияланган вирус кишини кайрадан ооруга чалдыктыргандыктан COVID-19дун жаңы толкунунун жаралуу тобокелдиги күч болууда. Бул тууралуу РИА Новости инфекционист-дарыгер Евгений Тимаковдун айтканына таянып жазды.

“Азырынча жарандардан сактануу жаатында тиешелүү жооп болбогондуктан (ооруга — ред.) биз сиздер менен коронавирустун төртүнчү, бешинчи, алтынчы, андан кийинки толкундарын кооптонуу менен талкуулай беребиз. Инфекцияны жуктуруп алгандан кийин баарыбыз көрүп-билип калгандай иммунитет алсырайт. Эгерде вирус мутация болуп түрүн өзгөртсө, ал адамдарды кайрадан эле каптап, жугуп, оорута берери шексиз”, — деген Тимаков.

Азыр коронавирус инфекциясы бир катар өлкөлөрдө, шаарларда кайрадан арбын жайылып, эл көп ооруп жатат. Маселен, Россиянын борбор калаасы Москвада коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыгып, локдаун жарыяланды.

Кыргызстанда медицина тармагы боюнча тиешелүү жетекчилер коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жаткандыгын айтышты.

Sputnik.kg