Кумтөрдү иштетүүдө колдоо көрсөтүү ар бир кыргызстардыктын жарандык милдети

389

Кумтөр кенинин убактылуу тышкары башкаруу системасы киргенине бир айдан ашык гана убакыт өттү. Кечээ президент Садыр Жапаров Кумтөрдөгү иш менен таанышуу үчүн кен иштеткен жерге барды.
Президент “Кумтөр” кенинин иши менен таанышуу учурунда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун (ЖАК) эмгек жамааты менен баарлашты.
“Кумтөрдө” иштеген эмгек жамааты да президентке суроолорду берип, кендин келечек тагдыры тууралуу баарлашуу болду.
Садыр Жапаров Кумтөр иштеп жатканын жана мындан ары да планга ылайык, туруктуу негизде иштей тургандыгын өзгөчө белгилеп, компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү.
Президент бул кендин биздин эколомикадагы өзгөчө ордун айтып, экология менен айлана чөйрөнү коргоо маселелерине өтө чоң көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Кумтөр компаниясы Кыргызстанда иштеген 25 жыл аралыгында өлкөбуздүн байлыгы суу деп эсептелген мөңгүлөргө эбегейсиз зыян келтирип, тоодой таштандыларды ирээтсиз ыргытканы коомчулуктун кыжырын келтирген. Буга чейинки бийликтегилер Кумтөр боюнча бир нече атайын комиссия түзүп, бирок, эч кандай тыянак чыгарган эмес. Кумтөр мурда кандай иштеп келсе, кийин да эч өзгөрүүсүз иштеп келген.
Тилекке каршы буга чейинки мурдагы бийлик учурунда түзүлгөн атайын комиссия деле Кумтөрдөгү критикалык абалды өз көздөрү менен көрүшкөн. Бирок, башында баары ал жактагы курч маселени айтып жатып, кийин элдин башын айлантып, Кумтөрдүн кызыкчылыгын коргогонго өтүшкөн.
Азыркы тапта айтылып жаткан айрым бир фактыларды эске алсак, Кумтөр компаниясы мурдагы бийлик башчыларынын оозун жабуу үчүн миллиондогон долларларды берип турган.
Компаниянын кызматкерлерин учурдагы иши, ден соолуктарын чыңдоо жана социалдык мүнөздөгү башка уюштуруу чаралары боюнча суроолор кызыктырды.
Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык суроолорго жооп берип, өз кезегинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров кен эми толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп баштагандыгы үчүн компаниянын бардык кызматкерлерин ишкананын мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана болгон күч-аракетин жумшап иштөөгө чакырды.
Ал эми акыркы бир айдын ичинде “Кумтөр Голд Компаниясын” Кыргызстан иштетип жатат. Ушунча кыска убакыттын ичинде 40 миллион доллар киреше тапканы маалым.
Бир айда эле “Кумтөрдөн” ушунча киреше түшсө, эми элестетип көрүңүз 25 жыл ичинде канадалыктар канча тонна алтын алышкан жана канча миллиард доллар пайда көрүшкөнүн.
Ушунча убакыттын ичинде Кыргызстанрдын тышкы карызы канча миллиард доллар болсо, Кумтөр голд компаниясын иштеткен канадалыктар ошончо миллиард доллар пайда тапканы тууралуу маалымат жарыяланган.
Буга чейинки бийлик башчылары Кумтөр компаниясына “мен сага тийбейм, сен мага тийбе” деген таризде иштеп келсе, эми азыркы бийлик алтын кендин пайдасын мамлекеттин кызыкчылыгына чечүү үчүн баардык күч аракетин жумшап жаткан кези.
Башталган олуттуу иштерди аягына чыгаруу үчүн жолтоо болбой, тескерисинче колдоо көрсөтүү ар бир кыргызстандыктын жарандык милдети.