Чүй өрөөнүндөгү суу тартыштыгынын себеби эмнеде?

78

Өлкөдөгү, айрыкча Чүй өрөөнүндөгү дарыялардын суусу жылдан жылга азаюуда. Кыргызгидромет берген маалыматка караганда, суу былтыркыга салыштырмалуу быйыл да аз болот. Анткени күн салкын болуп жаткандыктан, мөңгүлөрдүн эриши жай жүрүүдө. Мындан улам сугат суу тартыштыгы байкалып, Чүйдөгү дыйкандардын тынчсыздануусун жаратты.

Аламүдүн дарыясы Бишкек шаарын жана Аламүдүн районундагы 4 айыл өкмөттү суу менен камсыздайт. Учурда дарыяда 2,4 куб метр суу агып жатат. Негизинен жыл сайын 7-8 куб суу болушу керек эле. Бул тууралуу Аламүдүн райондук суу башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Бозов билдирди.

«Кара Жыгач, Көк-Жар, Лебединовкага 3 куб суу алып жатабыз. Бүт баары кошулганда 7 куб болушу керек эле. Былтыр бул маалда 7-8 куб суу бар болчу. Мурдагы күнү эле 4 куб суу бар эле, азыр тартылып кетип, 2,4кө түшүп калды. Мөңгүлөр эрибей жатканынан улам да суу аз болуп жатат. Суу түштөн кийин 300-400 литр көбөйөт, кайра эле түнкүсүн тартылып кетет. Аба ырайына жараша ушундай болуп жаткан учур. Түштүк каналга суу берип жатабыз. Анткени алар Аламүдүн дарыясынан суу буруп, кулпунай, малина эгип алышкан. Ал жакка да суу берилет. Негизи, норма боюнча 11 куб суу берилиши керек. Бишкек шаарына да бул жактан кетет. Берген арыздарга жараша 1-2,5 кубга чейин берилмек, бирок жетиштүү көлөмдө суу жок болгондуктан берилбеди».

1974-жылы жана 2008-жылы да дал быйылкыдай суу тартыш болуп, айыл чарбасы чоң жоготууга учураганын айтат Ала-Арча гидроучасткасынын жетекчиси Абдрахман Жумашев.

«Биз сууну эки районго калыс бөлгөнгө аракет кылып жатабыз. Сокулук районунун сугат жерлери көбүрөөк болгондуктан ошого алар суу менен көбүрөөк камсыз болот. Ал эми Аламүдүн районунда азыраак, ошого алар азырак көлөмдө суу алышат. Бүгүнкү күндө Сокулук 1200 литр, Аламүдүн 800 литр суу алып жатат. Былтыр да абал ушундай болчу, бирок жерде, топуракта ным бар эле. Быйыл өтө ысык, жаан жок, суу да жок болуп жатат. Суу жетиштүү деңгээлде болгондо 8-9 кубга жетмек. Азыр үч эсе аз болуп жаткан кези».

Ал эми Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын жетекчиси Самар Үмөталиевдин айтымында, Аламүдүн менен Сокулук районунун дыйкандарынын сугат иштеринде азырынча көйгөй жарала элек.

«Анча-мынча кемчиликтер болбосо, суу жеткиликтүү эле болуп жатат. Бүгүнкү күндө 27 млн 700 куб суу бар. Орто эсеп менен 1 айга чейин суу менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүк бар. Кышы бою 52 млн куб суу чогулган. Жаздан бери берип жатып, бүгүнкү күндө 27 млн 700 куб суу бар. Негизи суу БЧК жана Орто-Токойдон келет. Эки районду алганда 11 миң гектар жер сугарылат».

Суу сактагычтагы суунун азаюу себебин киргенинен чыкканы көп болуп жатканы менен түшүндүрдү Ысык-Ата суу чарбасынын жетекчиси Жеңиш Арзыгулов. Анын айтымында, суу март айында толтурулуп даярдалат. Аба ырайына карап, болжолдуу 1-апрелден тарта сугат башталат.

«Суу сактагыч 3 млн куб суу толтурулат максималдуу. Март айында толтуруп даярдайбыз, 1-апрелден тарта аба ырайына карап, акырындап сугат иштери башталат. Быйылкы жылы 10-апрелде сугат башталган. Азыркы көлөмү 2 жарым куб суу чыгып жатат. Сын-Таш айыл өкмөтүнө, Юрьевка айыл өкмөтүнө, Нурмамбет айыл өкмөтүнө арыздарга жараша бөлүнүп берилди. Былтыркыга салыштырмалуу эки-үч эсе аз. Негизи июль-август айларында 20-25 кубга чейин көбөйөт. Бир жумадан бери тоодо күн бүркөк, температура түшүп кетти. Күн 20 градустан өйдө болгондо мөңгүлөр суу кошуп баштайт. Алдын ала болжолдуу алганда 1-июлдан тарта суу кошот. Ошондо бизге керектүү суунун 40%ын алганга жетишебиз».

Тартыштыктын эң негизги себептердин бири суунун аз көлөмдө болушу, андан сырткары обьектилердин эскилиги, Союз убагынан бери турган скважиналарды калыбына келтирүү, БДР, БСРлерди оңдоо иштеринин жоктугу жана каражаттын жетишсиздиги. Буларды маалымдаган Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов дыйкандарга ушул багытта сунушун берди.

«Жалпы Кыргызстан боюнча, өзгөчө Чүй облусу боюнча суунун жетишсиздиги байкалып турат. Анан өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мурун 4-5 чоң арык болсо, азыр 20-30дан бар дегендей. Башта бир чоң арык менен суу таратышса, азыр чарбалардын баары майдаланып кеткен. Арыктар жер аркылуу казылгандыктан 25 сотых казганга болот. Ошол жерге суу сиңип кеткен учурлар катталат. Анан биздин дыйкандар тамчылатып сууну жеткизүү деген системага өтүшү зарыл. Себеп дегенде бул система сууну үнөмдүү колдонууну гана шарттабастан, үрөндүн түшүмдүүлүгүн да бир топ жогорулатат. Суу пайдалануучулардын ишин жаңы деңгээлге көтөрүү керек. Ошону менен бирге дыйкандар да жаңы технологияны колдонушу керек. Июль айынын башында суунун көлөмү жетиштүү деңгээлде болот. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эл менен биргеликте бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз».

Белгилей кетсек, 14-июнда Чүй облусунун дыйкандары сугат суу маселеси боюнча Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышкан. Алар сугат иштери 2 жума кечиксе, 40-50% айдоо аянты зыянга учураарын кулак кагыш кылышкан.

maralfm.kg