Бир күн ичинде коронавирус 787 адамдан табылды

50

Бүгүн, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 787 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 368, Ош шаарында — 97, Чүй облусунда — 130, Ош облусунда — 96, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 38, Баткен облусунда 25 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 365 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан Бишкекте 4 каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 169 адам, ал эми амбулатордук түрдө 3 миң 712 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 18 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 455 адамдын абалы – орто оор, 602 киши – оор жана 94 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 112 миң 777 учур катталды. Анын ичинен 103 миң 930 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 916 бейтап каза болду.

maralfm.kg